КООМДУК-САЯСИЙ ИШМЕР АСЕЙИН АРАКЕЕВДИН АЙКЕЛИ ТУРГУЗУЛДУ

Бүгүн, 5-октябрда көрүнүктүү окумуштуу, коомдук-саясий ишмер, Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын академиги Асейин Аракеевдин эстелиги Дөбөлү айыл өкмөтүнүн имаратынын алдына коюлду.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары А.Сапаров, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров, Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергенов, Жалал-Абад облусунун “Моңолдор” уруусунун өкүлү Э.Бегишкулов, “Моңолдор” уруусунун президенти У.Эралиев, Баткен облусунун “Нойгут” уруусунун өкүлү А.Парманов, Ош облусунун “Моңолдор” уруусунун өкүлү А.Токтоболотов, Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү И.Айтмакбетов, Кыргыз Кырк уруусунун бириктирилген коомунун төрагасы А.Өмүрзаков, үй-бүлөсү, жакын туугандары жана айыл тургундары катышты.
Аракеев Асейин Абдраманович 1948-жылдын 3-июнунда Нарын облусунун Нарын районунун Дөбөлү айылында туулган.
Ал көрүнүктүү окумуштуу, саясий-коомдук ишмер, техника илимдеринин кандидаты, доцент, Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын академиги;
• Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы кеңешчиси;
• “Кыргызстан – Араб өлкөлөрү менен достугу” коомунун президенти;
• Кыргыз Республикасынын эл аралык соода жана маркетинг ассоциациясынын президенти;
• Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын коммуникациялар, транспорт жана байланыш комитетинин төрагасы;
• “Теңир Тоо – Нарын Ынтымагы” коомдук бирикмесинин президентти кызматтарын аркалаган.
• “Кыргызстан – Кытай достугу” коомунун төрагасы;
• Кыргызстан аксакалдар кеңешинин төрагасынын орун басары;
• Учурунда «Монолдор» коомун төрагасы катары коомду түптөө жана уюштуруу боюнча зор иштерди турмушка ашырган.
Калың журтка кызматы менен улук, кадыры менен бийик болгон Асейин Аракеевдин айкелинин өзүнүн туулуп өскөн кичи мекени Дөбөлү айылына тургузулушу үй-бүлөсү, жакындарынын демилгеси менен ишке ашырылып, өмүрү өрнөк болгон инсанды эстеп турууга жана келечек муунга аткарып кеткен иштерин жеткирүү болуп саналат.

Жооп калтыруу