Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын 9-ноябрындагы №297 б буйругунун негизинде айыл өкмөттөрдө уюштурулган коомдук кабылдамаларда Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Н.Мадимаров жана орун басарлары жарандарды жеринде кабыл алуу боюнча атайын түзүлгөн графиктин алкагында айыл аймактарды кыдырууда.
2024-жылдын 15-16-апрелинде аким Н.Мадимаров Жан-Булак айылынын коомдук кабылдамасында болуп, жарандардан келген арыздар менен таанышып, жергиликтүү тургундардын социалдык маселелер жана жер тууралуу суроолоруна жооп берди.
Андан тышкары Чет-Нура айылынын жашоочулары менен жолугуп, алардын социалдык маселелер боюнча берген суроолоруна жооп берди.
Акимдин орун басары Э.Жанболотова Дөбөлү айыл аймагынын коомдук кабылдамасында болуп, жергиликтүү тургундар менен жолугушту.
Тургундар айылдагы социалдык көйгөйлөрдү көтөрүп, кызыктырган суроолоруна жооп алышты.