КОЛЛЕГИЯЛЫК ОТУРУМ ӨТКӨРҮЛҮП, БИР КАТАР МАСЕЛЕЛЕР ТАЛКУУЛАНДЫ

2025-жылдын 23-апрелинде Нарын райондук мамлекеттик администрациясында коллегиялык отурум өткөрүлдү.
Коллегиялык отурумга Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров, коллегиянын мүчөлөрү, мекеме, ишкана жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, айыл башчылар жана социалдык адистер катышты.
📌 Күн тартибиндеги негизги маселелер:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-сентябрындагы №517 “Эпизотиялык бейпилдикти жана ветеринардык-санитардык коопсуздукту камсыз кылуу жөнүндө” токтомунун Нарын районунунда аткарылышы;
2. ⁠Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы “Маркумду узатуу жана сөөгүн коюу иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралары тууралуу” №296 Жарлыгын Нарын районунун аймагында аткаруунун жүрүшү жөнүндө;
Андан сырткары кошумча маселелер катары төмөндөгүлөр каралды:
✅ Айыл чарба иштеринин жүрүшү жана жазгы айдоо-себүү;
Аймактагы айыл чарба иштеринин абалы, жазгы айдап-себүү иштеринин жүрүшү жана дыйкандарга көрсөтүлүп жаткан колдоо чаралары талкууланды.
✅ Салык жана бюджет маселелери;
Райондун салык чогултуудагы пландары, бюджеттин аткарылышы жана айыл өкмөттөрдүн каржылык туруктуулугу боюнча маалыматтар угулуп, тиешелүү тапшырмалар берилди.
✅ “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында жашылдандыруу иштери;
Райондо “Жашыл мурас” өнөктүгүнүн алкагында көчөт отургузуу жана экологиялык иш-чаралардын жүрүшү тууралуу маалымат берилди.
✅ Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 31-июлундагы “Турак-жайды өрттөн, табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндөгү” №209 Мыйзамынын район аймагында аткарылышы, ошондой эле социалдык обьектилерди жана кызматтык унааларды камсыздандыруу боюнча;
✅ Салыктык эмес төлөмдөр (№713 токтом) жана башка маселелер каралды.
Коллегиянын жыйынтыгында тиешелүү мекеме, ишкана жетекчилерине, айыл өкмөт башчыларына тиешелүү тапшырмалар берилди.

Жооп калтыруу