КАРА-КУЖУР ӨРӨӨНҮНҮН ЛАХОЛ, ЖЕР-КӨЧКҮ АЙЫЛДАРЫНДА КИЧИ ФУТБОЛДУК АЯНТЧА ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛИП, ЭЛГЕ АЙЫЛ ЧАРБА ТЕХНИКАСЫ ТАПШЫРЫЛДЫ

2024-жылдын 16-августунда Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мадимаров Нуридин Султанович, Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Кошалиев Бакытбек Сейтекович менен биргеликте Лахол жана Жер-Көчкү айылдарында иш сапарда болуп, бир катар жакшы саамалыктарга катышты.
Алгач Миң-Булак айыл өкмөтүнүн Лахол айылында болуп, Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Эргешовдин көзөмөлү астында түзүлгөн “Миң-Булак өнүктүрүү фонду” тарабынан жаңы сатылып алынган, Беларус өндүрүшүнөн чыккан МТЗ-952.2 үлгүсүндөгү трактор жана соко, кун шаймандары менен Лахол айылынын жергиликтүү тургундарына жазгы талаачылык иштерин илгерилетүү, калктын турмуш шартын жеңилдетүү максатында, аталган айыл чарба техникасы 3 млн 42 миң сомго сатылып алынып, тапшырылды.
Андан соң Жер-Көчкү айылында “Миң-Булак өнүктүрүү фонду” тарабынан жалпы наркы 2 млн 993 миң сомго кичи футболдук аянтчасы курулуп бүтүп, ачылыш аземи болуп, пайдаланууга берилди. Кичи футболдук аянтчанын курулуш иштерин “Байберс” ЖЧК тарабынан жүргүзүлгөн.
Ошондой эле район акими Жер-Көчкү айылындагы Б.Кыязов атындагы жаңы курулуп жаткан 150 орундуу орто мектептин, курулуш иштери менен жеринде таанышты. Курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “Бейшенбай курулуш” ЖЧКна жумушчулардын санын көбөйтүү жана курулушту сапаттуу жүргүзүү жагын тапшырды.
Жер-Көчкү айылында атайын жайыттарды тосуу боюнча бүгүнкү күндө иш аракеттер жүргүзүлүүдө.Бул жайыттарды тосуунун негизги максаты- малчылардын кыштоосуна жайыттардын отун сактап калуу жана жайкысын жайыттан малдардын эрте түшүүсүн алдын алуу болуп саналат.
Бүгүнкү күндө 2 км ге жакын аралык тосулуп, дагы 2,5 км аралыкта тосуу пландалууда.
Бул иштерге Миң-Булак айыл өкмөтүнүн бюджетинен 1 млн сом бөлүнгөн.
Андан сырткары санитардык экологиялык шарттарды туура сактоо үчүн Лахол жана Жер-Көчкү айылдарында таштанды таштоочу жайлардын айланасы корулууда.
Аким жана айыл өкмөт тарабынан социалдык тармакка да көңүл бурулуп, айылдарда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн жеринен кабар алып, азык-түлүк жана материалдык жардам көрсөтүлдү.
Белгилей кетсек, Миң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу бардык айылдарда атайын түзүлгөн графикке ылайык жеринде элдерге кызмат көрсөтүлүп, жергиликтүү тургундардын ар бир тармак боюнча суроолору канаатандырылып, жетиштүү кеңештер берилип келет.

Жооп калтыруу