Сиздерди жалпы мусулмандардын ыйык Орозо айт майрамы менен куттуктайм!
Эзелтеден бери Рамазан айы тынчтыктын, сабырдуулуктун, ынтымак – ырашкерликтин, кечиримдүүлүктүн ыйык айы болуп келген. Ыйык Рамазан айында жалпы мусулмандар орозо кармоо менен өз ишенимин бекемдеп, руханий жактан арууланууга ниет артып келген. Ыйык Рамазан айы, Орозо-айт майрамы жалпы элдин ынтымагын бекемдеп, элдерди бир туугандыкка, жылуу мамилеге, достукка үндөп, өз ара сый – урматта болууга чакырган.
Урматтуу мекендештер!
Ички руханий тазалыктын, аруулуктун айы болгон Рамазан айында ар бир үйгө Жаратканыбыз кут, береке алып келсин. Жаман жолдон арылып, жакшылыкка үмүт байлап, жакшы ниет менен кармаган орозоңуздар кабыл болсун.
Ыйман нуру ар бир мекендешибиздин жүрөгүнө жылуулукту ыроолосун. Рамазан айында жасаган соопчулук, кайрымдуулук ишиңиздер мындан ары да улана берсин! Ар бир үйгө ачык асман, бакыт-таалай, береке, жарык маанай, бардар турмуш каалайм!
Ылайым элибизден ырыскы куту кетпесин!
Сиздерди терең урматтоо менен Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров