ИШКЕР ӨНҮКСӨ, ӨЛКӨ ӨНҮГӨТ

Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мадимаров Нуридин Султанович 2024- жылдын 22-майында Миң-Булак айыл аймагынын Куйбышев айылында жеке ишкер Мырзабек кызы Нурзадага, жеке ишкердин атайын сертификатын тапшырды.
Нарын райондук өнүктүрүү фонду жана «Керемет-Банк» ААК менен биргеликте, Арашан породасындагы асыл тукум койлорду өстүрүү максатында 5 жылдык мөөнөткө 2 млн 500 миң сом өлчөмүндө 5,5 пайыздык чен менен насыя бөлүнүп берилди.
Негизги максаты жеке ишкерликти , жергиликтүү айыл чарбасын колдоо жана аймактагы айыл чарбасын өркүндөтүүгө багытталган.
Район акими сертификат тапшырып жатып мындан аркы иштерине ийгилик каалап, алдынкы чарбалардан болушуна тилектештигин билгизди.

Жооп калтыруу