2024-жылдын 4-июнунда Учкун айыл аймагынын Сары-Ой, Куланак айылдарында жергиликтүү тургундар сугат суусунун жетишсиздиги, дан эгиндерин сугарууда көйгөй жаралып, суу тартыштыгы пайда болуп жатканын айтып кайрылышкан.
Меселени жеринде көрүп, жергиликтүү дыйкан фермерлердин көйгөйүн чечүү максатында Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров, Нарын башкы суу чарба башкармалыгынын башчысы, Учкун айыл өкмөтүнүн башчысы А.Бектуров менен биргеликте жеринде айыл тургундары менен жолугушуу болуп өттү.
Жергиликтуу тургундарга жеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, Нарын суу чарба башкармалыгы тарабынан сугат сууну туура бөлүштүрүү жана тыкыр көзөмөлгө алуу тапшырмасы берилди.
Жыйында Учкун айылына кеткен Куланак айылынан чыккан сугат суу каналына гидропостторду жандандырып, суунун өлчөмүн карап туруу боюнча берилген суроолору канаатандырылып, суу чарба башкармалыгы көзөмөлдөп тураарын билдирди.