Кыргызстанда май айынын үчүнчү жекшембиси — Энелер күнү катары белгиленип келет.
Бул — Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен кабыл алынган өзгөчө күн.

Бүгүн, 16-майда Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Эльвира Жанболотова Чет-Нура айыл өкмөтүнө караштуу Орто-Нура айылында өткөрүлгөн майрамдык иш-чарага катышып, энелерге куттуктоосун жолдоду.
Энелер күнүнө карата уюштурулган бул иш-чара Чет-Нура айыл өкмөтүнүн, айыл кеңештин жана маданият кызматкерлеринин колдоосу менен өткөрүлүп, ага айыл аймактагы бардык айылдардан 100 ардактуу эне катышты. Аларга терең урмат көрсөтүлүп, майрамдык маанай тартууланып, ыраазычылыктар айтылды.
Майрамдык иш-чарада Э.Жанболотова төмөнкүдөй куттуктоосун жолдоду:
“Энелер — коомдун пайдубалы, жашоонун башаты. Ар бир ийгиликтүү жарандын артында сөзсүз Эненин мээнети, мээрими жана ак тилеги турат.
Урматтуу энелер, сиздерге бекем ден соолук, узун өмүр, бакубат жашоо жана үй-бүлөлүк тынчтык каалайм. Ар күнүңүздөр майрамга тете болсун!”