2024-жылдын 21-июнунда Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрында “Биздин таланттар” теле долбоорунун алкагында ” Элден чыккан таланттар- элибизге ыр сунат” аттуу чон программадагы концерт болуп өттү.
Аталган долбоор мамлекеттик тил, улуттук каада-салтты, үрп адаттарды жайылтуу максатын көздөйт жана аймактардан өнөрлүү инсандарды таптап, талантын ачып келишет.
Аталган концерттик программага Нарын районунун маданият кызматкерлери менен бирге элден чыккан таланттар жана “Теңир-Тоо кайрыктары”,”Асыл-Нур апалар тобу”, ” Теңир-Тоо шайырлары”, ” Эне-Шаны”,
“Миң-Булак шайыр апалар”, “Жалгыз-Терек” апалар топтору катышып, көңүлдүү маанай тартуулашты.
Маданий иш-чарага Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы- акимдин орун басары Э. Жанболотова катышып, маданият тармагына кошкон салымдары үчүн атайын Ыраазычылык катын тапшырып, мындан аркы иштерине ийгилик каалап өттү.