ЭЛ СЫЙМЫГЫ – ЧЕМПИОН ЭРНАЗАР АКМАТАЛИЕВ

Бүгүн, 8-апрелде Дүйнөлүк аренада Кыргызстандын атын даңазалап келе жаткан эркин күрөш боюнча балбан, эркин күрөш боюнча Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону, 2021-жылдагы Дүйнө чемпионатынын күмүш байгесинин ээси, Токио жана Париж олимпиада оюндарынын катышуучусу, “Спорт чебери” наамынын ээси, 2025-жылдын 25-30-март күндөрү өткөн Иордания өлкөсүнүн борбору Амман шаарында 70 кг салмакта Азиянын чемпиону, Нарын районунун кулуну Эрназар Акматалиевди эли чоң кубаныч менен тосуп алышты.
Иш-чарага Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров, Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жумалиев, ата-энеси, бир туугандары, классташтары, мектеп окуучулары жана айыл тургундары катышты.
Салтанаттуу иш-чарада район акими дүйнөлүк аренадагы жетишкен ийгиликтер – бул бүтүндөй кыргыз элинин, анын ичинде Нарын элинин сыймыгы! экендигин баса белгилеп, Мекендин туусун бийик көтөрүп, тайманбас мүнөз, күч-кубат, мекенчилдиги менен жаштарга үлгү болуп келе жаткандыгын билдирди.
Район акими куттуктоо сөзүнөн кийин Акматалиев Эрназар Кубатбековичке Нарын районунун “Ардактуу атуулу” наамын, ал эми машыктыруучусу Сыдыкбеков Канатбек Акматалиевичке Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын “Ардак грамотасын” ыйгарды.
Ошондой эле Чет-Нура айыл өкмөтү жана жергиликтүү Кеңеши тарабынан акчалай жана баалуу сыйлыктар тапшырылып, эли ат мингизип тосуп алышты.
🇰🇬🥇Эрназар Акматалиев – жаштар үчүн үлгү боло турган инсан. Анын жетишкендиктери Кыргыз элинин сыймыгы жана жаштардын үлгүсү!

Жооп калтыруу