ЭЛ АРАЛЫК КАРОО СЫНАКТА ӨЛКӨ НАМЫСЫН КОРГОГОН ЖАШ ТАЛАНТТАР

Кечээ, 30-декабрда Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мадимаров Нуридин Султанович өз иш бөлмөсүндө Казакстан Республикасынын Алматы шаарында өткөн Эл аралык конкурста 500 конкурсанттын ичинен “СУПЕР Баш байгени” жеңип, ийгилик жаратып Кыргызстандын намысын коргогон жаш таланттар менен жолугушту.
Белгилей кетсек 2024-жылдын 8-декабрында Казакстан Республикасынын Алматы шаарында 500дөн ашык жаш талант катышкан “Бала Шабыты” эл аралык кароо-сынак болуп өткөн.
Бул сынакка Кыргызстандын Нарын райондук “Өрнөк” балдардын чыгармачылык билим борборунун, Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин жана Ж.Шералиев атындагы балдар искусство мектебинин окуучулары катышып, алдыңкы орундарды багындырып кайтышкан.
Бий номинациясы боюнча Темирбекова Сумая “Баш байге”, Ишенбекова Адинай 1-орунга ээ болушкан.
Аспапта ойноо номинациясы боюнча “Келечек” комузчулар ансамбли “СУПЕР Баш байгеге”, “Атай” комузчулар ансамбли “Баш байгеге” ээ болушкан.
“Бала Шабыты” эл аралык кароо-сынакка активдүү катышып, байгелүү орунду багындырган Нарын районунун Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин окуучуларын кабыл алып, окуучуларга ыраазычылыгын билдирип, өлкө намысын коргогон жаш таланттар менен сыймыктанаарын баса белгиледи.
Окуучуларга мындан аркы окууларына ийгиликтерди каалап, чакан белектерин тапшырды.
Мындай ийгиликтедин артында турган мугалимдер жамаатына жана ата-энелерге терең ыраазычылыгын билдирди.
Ошондой эле 2024-жылдын 5-декабрь күнү Бишкек шаарында Республикалык деңгээлде Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К.Усенбеков атындагы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер институтунда болуп өткөн “Военные песни” аталышындагы конкурс өткөрүлгөн.
Аталган конкурска Нарын районунун Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин 8-классынын окуучусу Курманбеков Нурислам “Смуглянка” аттуу чыгарманы аткарып 250 катышуучунун арасынан суурулуп чыгып “Баш байгени” багындырган.

Жооп калтыруу