Сүйөркул уулу Нурсултан 2024-жылдын 20-22-августунда Молдова Республикасында өткөн дүйнөлүк чемпионатта 60кг салмакта сол кол менен 1-орунду камсыз кылып, дүйнөнүн чемпиону аталды.
Бүгүн Нурсултан өз өлкөсүнө кайтып келип райондук деңгээлде тосуп алуу иш-чарасы уюштурулуп, ага туугандары, айылдаштары жана Нарын райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлери, Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери, Казан-Куйган айылынын айыл башчысы,Нарын райондук өспүрүмдөр-уландар спорт мектебинин кызматкерлери катышты.
Тосуп алуу иш-чарасына акимдин орун басары Э.Жанболотова катышып, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мадимаров Нуридин Султановичтин атынан куттуктоо сөзүн арнап жана Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын резевдик фондунан акчалай колдоо көрсөтүлүп, сертификат тапшырылды.
Сүйөркул уулу Нурсултан Нарын районуна караштуу Казан-Куйган айылында 2000-жылы туулган.
Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын Нарын облустук спорт федерациясынын мүчөсү.
Нарын райондук балдар-уландар спорт мектебинин тарбиялануучусу.
Буга чейин Сүйөркул уулу Нурсултан 2022-жылы сентябрь айында Казакстан Республикасынын Алмата шаарында өткөн дүйнө чемпионатында сол кол менен 2-орунду, оң кол менен 3-орунду камсыз кылган.
Ал эми 2024-жылы Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарында өткөн Азия чемпионатында сол кол менен 1-орунду, оң кол менен 2-орунду камсыз кылган.
Нурсултан пара кол күрөш менен машыкканына 2 жылдын жүзү болду. 2 жылдын ичинде жакшы жетишкендиктерге жетишүүдө.