ДӨБӨЛҮ АЙЫЛ ӨКМӨТҮНҮН ТАМДЫ-СУУ АЙЫЛЫНДА “ЖАШЫЛ МУРАС” ӨНӨКТҮГҮНҮН АЛКАГЫНДА КӨЧӨТТӨР ОТУРГУЗУЛДУ✅

2025-жылдын 4-апрелинде Нарын райондук мамлекеттикадминистрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров, Дөбөлү Айыл Өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергенов менен биргеликте Тамды-Суу айылында иш сапарда болду.
Иш сапардын жүрүшүндө Тамды-Суу айылында Кыргыз Республикасынын Президентинин “Жашыл мурас” улуттук программасынын алкагында экологиялык иш-чара өткөрүлүп, мектеп жана бала бакчанын айлана-чөйрөсүн жашылдандыруу максатында көчөттөр отургузулду.
Жалпысынан 70 ден ашуун ийне жалбырактуу жана кайыңдын көчөтү отургузулган. Айлана-чөйрөнү жашылдандырууга жергиликтүү бюджеттен 50 миң сом акча каражаты бөлүнгөн.
Мындай иштер айлана-чөйрөнү жашылдандыруу, көрктөндүрүү, жашыл аянттарды көбөйтүү, экологияны жакшыртуу жана жаратылышка болгон аяр мамилени калыптандыруу болуп саналат.
✅Ар бир отургузулган көчөт-жашоо үчүн таза аба, келечек муундар үчүн салым.
Андан сырткары иш сапардын жүрүшүндө Нарын райондук өнүктүрүү жана Нарын облустук “Теңир-Тоо өнүктүрүү” фондуларынын каржылоосунда ишке аша туруучу жаңы долбоорлордун объектилери менен жеринде таанышты.
📍Нарын облустук “Теңир-Тоо өнүктүрүү фонду” тарабынан Тамды-Суу айылындагы маданият үйү капиталдык ремонттон өткөрүлөт.
📍 Ал эми Нарын райондук өнүктүрүү фондунун каржылоосунда Чет-Нура айыл өкмөтүнө караштуу Орук-Там айылына жаңы футболдук аянтча курулат. Бул долбоор жаштарды спортко тартууга, ден соолукту чыңдоого жана сергек жашоо образын жайылтууга өбөлгө.

Жооп калтыруу