Дөбөлү айыл өкмөтүнүн отчеттук жыйыны

2025-жылдын 17-январында Нарын районунун айыл аймактарында 2024-жыл ичинде аткарылган иштер боюнча айыл өкмөт башчыларынын отчеттук жыйындары башталды.
Бүгүн, Дөбөлү айыл өкмөтүндө 2024-жылдагы ишмердүүлүгүнө жалпы баа берилип, аткарылган иштер тууралуу маалымат айтылып жана келечекке багыттар аныкталды.
Жыйынга Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров, Нарын районунун прокурору Д.Суранбеков, Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн начальнигинин орун басары Т.Ашырбаев, Нарын райондук ардергерлер кеңешинин төрагасы С.Нурманбетов, мекеме жетекчилер жана жергиликтүү тургундар катышты.
Жыйында Дөбөлү айыл өкмөтү тарабынан видеоролик даярдалып, анда жыл ичинде аткарылган иштердин жыйынтыктары;
-Социалдык, инфраструктуралык жана экономикалык долбоорлордун аткарылышы;
-Айылдын калкына көрсөтүлгөн кызматтар, тартылган долбоорлор жана жашоочулардын турмуш шарттарын жакшыртууда аткарылган иштер кеңири баяндалып, отчет берилди.
Андан кийин район акими Н.Мадимаров жергиликтүү тургундарга Нарын районунда мамлекеттин колдоосу менен аткарылган иштер, жыл ичинде тартылган инвестициялар, Солтон-Сарыдагы “Бучук” алтын кени сыноо режиминде ишке кирип, өз ишмердүүлүгүн баштаганын, аймактын энергетикалык коопсуздугун камсыздоо жана электр энергиясын өндүрүүдө маанилүү болгон Куланак ГЭС тин курулушу, чакан ишканалар ачылып, жаңы жумуш орундары түзүлгөндүгү жана 4 заводдун курулушу жакында башталаарына токтоло кетти.
Ошондой эле билим берүү тармагында мамлекеттин колдоосу менен райондо 5 мектептин курулушу жүрүп жатканын жана саламаттыкты сактоо, калкты социалдык жактан колдоо боюнча жүргүзүлүнгөн иштер боюнча маалымат берди.
Андан сырткары Нарын райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси А.Мүсүрканов тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрында N786 тескемесине ылайык “Бириккен товар өндүрүүчулөрдү каржылоо” долбоору боюнча кыска маалымат берди.
Долбоордун эң негизги максаты майда товардык өндүрүштү ирилештирүү процессине дем берүү жана бириккен айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө жеңилдетилген насыялык каражаттарды берүү менен мамлекеттик колдоо көрсөтүү болуп саналат.
Жыйында жергиликтүү тургундар тарабынан жол тармагы, электр энергия, көпүрө, жайыт жана жер боюнча суроолор берилип, тиешелүү мекемелер тарабынан жооптор берилди.

Жооп калтыруу