АКИМ НАРЫН-ОРУК-ТАМ АВТОУНАА ЖОЛУНДАГЫ КӨПҮРӨНҮН АБАЛЫ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Бүгүн, 18-сентябрда Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мадимаров Нуридин Султанович Нарын районунун «Жарандык коргонуу комиссиясы» менен биргеликте Дөбөлү айыл аймагына караштуу Эки-Нарын айылындагы Нарын-Орук-Там автожолунун 39-чакырымында Чоң-Нарын суусунун үстүндө жайгашкан жыгач көпүрөнүн учурдагы абалына визуалдык, аэровизуалдык изилдөө иштерин жүргүзүү менен жеринде таанышты. «Жарандык коргонуу кызматы” боюнча комиссиясынын мүчөлөрү Нарын райондук…

Толук окуу…

УЛУТТУК ТАЗАЛЫК КҮНҮНӨ КАРАТА НАРЫН РАЙОНУНДА ИШЕМБИЛИК БОЛДУ

Бүгүн, 14 -сентябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” N305 Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында Нарын районун бардык айыл аймактарында жалпы республикалык ишембилик болуп өттү. Ишембиликке 540 адам жана 38ден ашык мекеме-ишканалар жана 7 муниципалдык…

Толук окуу…

КАРА КЫРГЫЗ АВТОНОМИЯЛУУ ОБЛУСУНУН ТҮЗҮЛГӨНДҮГҮНҮН 100 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА ОТЧЕТТУК КОНЦЕРТ

Бүгүн, 13-сентябрда Нарын райондук М.Баетов атындагы маданият үйүндө маданият кызматкерлери тарабынан Ч.Айматовдун он эки чыгармасынан турган “Адамга эң кыйыны, күн сайын адам болуу”- аттуу композициясынын инсценировкаланган спектакли жана отчеттук концерти болуп өттү. Иш чарага Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мадимаров Нуридин Султанович, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин улуттук…

Толук окуу…

ӨЗ ӨМҮРҮН ТОБОКЕЛЧИЛИККЕ САЛГАН МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРИ СЫЙЛАНДЫ

Нарын шаарынын “Он-Арча” базарында болуп өткөн окуяда адам өмүрүн сактап калган милиция кызматкери аким тарабынан сыйланды. Бүгүн, 5-сентябрда Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров өзүнүн иш бөлмөсүндө жаш болсо да күтүүсүз окуяда кесиптик чеберчилигин көрсөтүп, адам өмүрүн сактап калган милиция кызматкери, Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү Жеңиш Мукамбетовду кабыл…

Толук окуу…

НАРЫН РАЙОНУНДА 2024-2025-ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫ САЛТАНАТТУУ БЕЛГИЛЕНДИ

Бүгүн, 2-сентябрь “Билим күнүнө” карата Нарын районунун бардык айыл аймактарында “Биринчи коңгуроо” салтанаттуу иш-чаралары болуп өттү. Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мадимаров Нуридин Султанович, Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Исакова Гүлбарчын Бейманжановна менен биргеликте Дөбөлү айыл аймагына караштуу Таш-Башат айылындагы Д.Мамбетов жана Эки-Нарын айылындагы М.Мамбетов атындагы орто мектептеринде болду.…

Толук окуу…

Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгына карата Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мадимаров Нуридин Султановичтин куттуктоосу.

Урматтуу Кыргызстандыктар! Урматтуу Нарын районунун тургундары! Сиздерди Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайм. Эгемендигибиз, эркиндигибиз улуу муундан алган аманатыбыз, урпактарга калтырчу мурасыбыз. Бул күн – муундардын жана патриотизмдин каада-салттарынын үзгүлтүксүздүгүн чагылдырат, ал өз өлкөсүнүн тарыхын урматтагандардын баарына кымбат. Ал күн сайын Кыргызстандын өнүгүшүнө жана гүлдөшүнө салым кошуп, мамлекетибиздин чек араларын…

Толук окуу…

НАРЫН РАЙОНУНДА КАРА-КЫРГЫЗ АВТОНОМИЯЛУУ ОБЛУСУНУН ТҮЗҮЛГӨНҮНҮН 100 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА 2 ӨНӨР ЖАЙ ИШКАНАСЫ ЖАНА 1 СОЦИАЛДЫК ОБЪЕКТ АЧЫЛДЫ

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн 33 жылдыгын утурлай, Нарын районунун Эмгек-Талаа жана Миң-Булак айыл аймактарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун онлайн-форматтагы катышуусунда социалдык объект, муниципиалдык өнөр-жай ишканаларынын ачылыш аземдери болуп өттү. Ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарымдуу өкүлүнүн орун басары Ш.Абдраимов,…

Толук окуу…

КАРА-КЫРГЫЗ АВТОНОМИЯЛУУ ОБЛУСУНУН ТҮЗҮЛГӨНҮН 100 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА НАРЫН РАЙОНДУК МАМЛЕКЕТТИК АДМИНИСТРАЦИЯСЫНДА БЕКИТИЛГЕН 100 ИШ-ЧАРАГА ЫЛАЙЫК НАРЫН РАЙОНУНУН ТАРЫХЫЙ МУЗЕЙИ АЧЫЛДЫ

Бүгүн 2024-жылдын 29- августунда Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н. С. Мадимаровдун жана Нарын районуна үзүрлүү эмгек кылган, ардактуу эс алуудагы ардагерлер, мекеме жетекчилер, айыл өкмөт башчылары жана мамлекеттик муниципалдык кызматкерлердин катышуусунда Нарын районунун тарыхый музейинин ачылыш аземи болуп өттү. Музейде Нарын районунун түзүлүшү, тарыхы, өмүрү өрнөк болгон инсандардын өмүр…

Толук окуу…

НАРЫН РАЙОНУНДА ДРОБИЛКА- БЕТОН ЗАВОДУ КУРУЛУУДА

2024-жылдын 28-августунда Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мадимаров Нуридин Султанович курулуп жаткан заводдун курулуш иштерин жеринде көрдү. Дробилка-бетон завод жеке ишкер Акмат Кудайбергенов тарабынан курулууда. Завод Миң-Булак айыл аймагына караштуу “Запин 2” участкасында курулууда. Жалпы тартылган инвестициянын көлөмү 350-400 000 доллар акча каражатын түзөт. Бүгүнкү күндө курулуш иштери жүрүүдө, жеке…

Толук окуу…

НАРЫН РАЙОНУНДА АВГУСТ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ ӨТКӨРҮЛД

2024-жылдын 26-августунда М.Рыскулов атындагы Нарын облустук музыкалык академиялык драма театрында Нарын райондук билим берүү бөлүмү тарабынан “Билим берүүгө 100 жыл: Трансформация, чакырыктар жана жаңы горизонттор” аталышындагы август конференциясы өткөрүлдү. Иш-чарага Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мадимаров Нуридин Султанович, Нарын районунун прокурору Д.Суранбеков, Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн начальнигинин орун басары…

Толук окуу…