✅✅✅НАРЫН РАЙОНУНУН КАЗАН-КУЙГАН АЙЫЛЫНДА ЖЕР МАСЕЛЕСИ БОЮНЧА ЖЫЙЫН

Бүгүн, 24-апрелде Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров жана тиешелүү мекеме жетекчилердин катышуусунда Э.Дайракунов(Жерге-Тал) айыл өкмөтүнө караштуу Казан-Куйган айылында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 токтому менен бекитилген “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Жобону аткаруу максатында жеринде жыйын өткөрүлдү. Өткөрүлгөн жыйындын максаты-Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык, жер участокторун мыйзамдаштыруу,…

Толук окуу…

📍 УЧКУН АЙМАГЫНДА ЖЕР МАСЕЛЕСИН ЧЕЧҮҮ БОЮНЧА ЖЫЙЫН ӨТКӨРҮЛДҮ

2025-жылдын 23-апрелинде Нарын районунун акими Н.Мадимаров жана тиешелүү мекеме жетекчилеринин катышуусунда Учкун айыл өкмөтүнө караштуу Куланак айылында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 токтому менен бекитилген “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Жобону аткаруу максатында жыйын өткөрүлдү. Жыйындын максаты-Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык, жер участокторун мыйзамдаштыруу, жергиликтүү тургундардын мүлктүк укуктарын…

Толук окуу…

КОЛЛЕГИЯЛЫК ОТУРУМ ӨТКӨРҮЛҮП, БИР КАТАР МАСЕЛЕЛЕР ТАЛКУУЛАНДЫ

2025-жылдын 23-апрелинде Нарын райондук мамлекеттик администрациясында коллегиялык отурум өткөрүлдү. Коллегиялык отурумга Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров, коллегиянын мүчөлөрү, мекеме, ишкана жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, айыл башчылар жана социалдык адистер катышты. Күн тартибиндеги негизги маселелер: 1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-сентябрындагы №517 “Эпизотиялык бейпилдикти жана ветеринардык-санитардык коопсуздукту камсыз кылуу…

Толук окуу…

✅✅✅НАРЫН РАЙОНУНУН ОТТУК, МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДАРЫНДА ИЙНЕ ЖАНА ЖАЗЫ ЖАЛБЫРАКТУУ КӨЧӨТТӨРДӨН 300 ТҮП ОТУРГУЗУЛДУ

2025-жылдын 19-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун демилгеси менен жүргүзүлүп жаткан “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында Нарын районунун Оттук жана Миң-Булак айылдарында жашылдандыруу иш-чарасы өткөрүлдү. Иш-чарага катышкандар: Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы- аким Н.Мадимаров; Акимдин биринчи орун басары Б.Кошалиев; Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А.Окенов; “Жон-Жи-Майнинг” ЖЧКнун өкүлдөрү; жергиликтүү тургундар,…

Толук окуу…

🟢 НАРЫН РАЙОНУНУН ЭМГЕКЧИЛ АЙЫЛЫНДА 200 ТҮП КӨЧӨТ ОТУРГУЗУЛДУ

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун демилгеси менен республиканын бардык аймактарында жүргүзүлүп жаткан “Жашыл мурас”улуттук өнөктүгүнүн алкагында, Нарын районунда дагы жашылдандыруу жана айлана-чөйрөнү коргоого багытталган иш-чаралар жүрүүдө. 2025-жылдын 12-апрелинде, Миң-Булак Айыл Өкмөтүнө караштуу Эмгекчил айылындагы Б.Жакыпов атындагы №30 кесиптик лицей, мектеп, бала бакча жана парктын тиешелүү жер аянттарына 200 түп…

Толук окуу…

АКИМ ЖАЗГЫ ТАЛААЧЫЛЫК ИШТЕРИНЕ ДАЯРДЫКТАРДАН КАБАР АЛДЫ ✅

Бүгүн, 12-апрелде Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров Жан-Булак айыл өкмөтүндө болду. Иш сапардын алкагында: Айыл тургундарынын ашар жолу менен тазалоосунун негизинде, жалпы узундугу 22 км болгон Кызыл-Зоо-Достук каналынын тазалоо иштери менен жеринен таанышты. Каналдын татаал жана терең бөлүктөрү техника менен казылып, сугат суу жеткирүүнү жакшыртуу багытында аракеттер көрүлүүдө. Аким…

Толук окуу…

✅✅✅КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫКТАРЫНЫН ЖАНА МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУНУН АЛКАГЫНДА НАРЫН РАЙОНУНДА ИШТЕР АТКАРЫЛУУДА

Кыргыз Республикасынын Президентинин №109, №56 жана №291 Жарлыктарынын талаптарын ишке ашыруу максатында Нарын районунда бир катар иштер жүргүзүлүүдө . Кыргыз Республикасынын Президентинин N109 Жарлыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги «Жерлерди өзү билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу, болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө» №109 Жарлыгын Нарын районунда аткаруу максатында…

Толук окуу…

НАРЫН-ОРУК-ТАМ УНАА ЖОЛУ КАР КӨЧКҮСҮНӨН ТАЗАЛАНДЫ✅✅✅

2025-жылдын 7-апрелинде Нарын-Орук-Там унаа жолунун Капчыгай бөлүгүндөгү “Ак-Кокту” участкасында унаа жолго түшкөн көчкүнүн 540 м3 кар көчкүсү тазаланып, жол каттамы эки тараптуу толук ачылды. Кар көчкүнү тазалоо иштерин Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Б.Кошалиев, ДЭУ-8 Жол тейлөө мекемесинин башкы инженери Н.Кадыркулов жана Нарын шаардык жана Нарын райондук…

Толук окуу…

✅✅✅ЖАШ ӨСПҮРҮМДӨР АРАСЫНДА КЫЛМЫШТУУЛУКТУН АНЫН ИЧИНДЕ АЛАРДЫН ЖЫНЫСТЫК КОЛ ТИЙБЕСТИГИНЕ КАРАТА ЖАСАЛГАН КЫЛМЫШТАРДЫН ЖАНА ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ЗОМБУЛУК ФАКТЫЛАРЫН АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА КООРДИНАЦИЯЛЫК КЕҢЕШМЕ ӨТКӨРҮЛДҮ

Бүгүн, 2025-жылдын 9-апрелинде Нарын областынын прокурорунун тапшырмасынын негизинде, Нарын районунун прокурору Д.Суранбеков, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Э.Жанболотова, Нарын РИИБнин башчысынын орун басары Т.Ашырбаев, айыл өкмөт башчылары, социалдык кызматкерлер, райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын жана райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлеринин, Укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык…

Толук окуу…

✅НАРЫН РАЙОНУНДА ЖАЗГЫ АЙДАП СЕБҮҮ ИШТЕРИНЕ ДАЯРДЫК КӨРҮҮ БОЮНЧА СЕМИНАР ӨТКӨРҮЛДҮ

Бүгүн, 9-апрелде Нарын районунун Миң-Булак Айыл Өкмөтүндө жазгы айдап себүү иштеринин даярдыгы жана талаачылыкты уюшкандыкта өткөрүү максатында семинар болуп өттү. Семинарга Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров, Нарын райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси А. Мүсүрканов, айыл өкмөт башчылары, айыл чарба мекемелеринин өкүлдөрү, кызматкерлер жана дыйкан, фермерлер катышты. Семинарда өсүмдүктөрдү коргоо…

Толук окуу…