НАРЫН РАЙОНУНДА ИШКЕРЛЕРДИН ЖАНА ИНВЕСТОРЛОРДУН УКУКТАРЫН КОРГОО БОЮНЧА ЖЫЙЫН ӨТКӨРҮЛДҮ

2025-жылдын 24-декабрында Нарын районунун прокуратурасы жана Нарын райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан райондук администрациясынын имаратынын жыйындар залында жеке ишкерлер, укук коргоо жана контролдоочу органдар менен бирге жолугушуу өткөрүлдү. Аталган жолугушууга ишкердиктин жана биснестин ар кайсы тармактарынын жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Иш-чарада жеке ишкерлердин укуктарын коргоо, бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү,…

Толук окуу…

НАРЫН РАЙОНУНДА КЫЗ-ЖИГИТ САРМЕРДЕНИНИН ФИНАЛЫ ӨТТҮ

Бүгүн, 24-декабрда Муса Баетов атындагы райондук маданият үйүндө көөнөргүс улуттук салттарыбыздын бири болгон “Кыз-жигит сармердени” оюнунун финалдык туру өткөрүлдү. Салттуу оюн саламдашуу менен башталып, андан соң “Манас” баяны жаңырып, кыз-жигиттердин өнөр таймашы менен уланды. Катышуучулар улуттук аспаптарда күү чертип, ыр ырдап, бий бийлеп, жаңылмач айтып жана табышмактардын жандырмасын таап көрүүчүлөргө…

Толук окуу…

Бүгүн, 22-декабрда Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Нуридин Мадимаров Нарын районунун социалдык-экономикалык өнүгүшүнө салым кошуп жаткан ири салык төлөөчү ишкерлер менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө аким ишкерлерге ыраазычылык билдирип, район аймагында жүргүзүлүп жаткан өнүгүү иштерине кошкон салымдарын жогору баалады. Ишкер чөйрөсүнүн активдүү катышуусу менен аймактагы социалдык жана экономикалык багыттагы бир…

Толук окуу…

✅✅✅НАРЫН РАЙОНУНДА АЗЫК-ТҮЛҮК ЖАРМАНКЕСИ ӨТКӨРҮЛДҮ

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин демилгеси менен Нарын районунда ар жуманын дүйшөмбү күндөрү азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана бааларды турукташтыруу максатында азык-түлүк жарманкеси өткөрүлүп келет. Бүгүн, 2025-жылдын 22-декабрында кезектеги азык-түлүк жарманкеси өткөрүлдү. Жарманкеге Чет-Нура жана Жан-Булак айыл өкмөттөрүнүн дыйкан-фермерлери катышып, эт, сүт азыктары, кымыз, бозо, бал,…

Толук окуу…

НАРЫН РАЙОНДУК ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КОМИССИЯСЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ ОТУРУМУ ӨТТҮ

Бүгүн, 27-ноябрда администрациянын жыйындар залында 2025-2026-жылдардын кыш мезгилинде күтүлүүчү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча жарандык коргонуу комиссиясынын кезектеги отуруму өткөрүлдү. Жыйында төмөнкү маселелер каралды: – Район аймагындагы табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарга даярдык; – Кыш мезгилинде катаал аба ырайына байланыштуу кырдаалдардын алдын алуу чаралары; – Кар…

Толук окуу…

АЗЫК-ТҮЛҮК ЖАРМАНКЕСИ ӨТТҮ

2025-жылдын 24-ноябрында Нарын району тарабынан уюштурулган азык-түлүк жарманкеси болуп өттү. Жарманкеге Эсеналы Дайракунов айыл өкмөтүнөн келген дыйкан-фермерлер айыл чарба продукцияларын элге сунушташты. Сатыкка коюлган азык-түлүк түрлөрү: – Эт азыктары: кой, жылкы, топоз жана уй эти, – Жашылча-жемиштер: картошка, сабиз, кызылча, – Сүт азыктары: сүт, айран, сүзмө, сары май, – Башка…

Толук окуу…

Нарын районунда маданият кызматкерлеринин күнү белгиленди

Бүгүн, Муса Баетов атындагы маданият үйүндө маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. 2-ноябрь – Маданият кызматкерлеринин күнү элдин руханий дүйнөсүн байытып, улуттук баалуулуктарды сактап, өнүктүрүүгө салым кошкон маданият өкүлдөрүнүн эмгегин даңазалоо күнү катары белгиленет. Иш-чарага Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров, Нарын РИИБ жетекчилиги, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери,…

Толук окуу…

✅НАРЫН РАЙОНУНДА МИЛИЦИЯНЫН 3 АЙМАКТЫК ТАЯНЫЧ ПУНКТТАРЫ АЧЫЛДЫ

Бүгүн, 1-ноябрь – Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 101 жылдыгына карата, Нарын районунун Миң-Булак, Кеңеш жана Кайыңды айылдарында милициянын үч аймактык таяныч пункту жана кызматтык үйлөр пайдаланууга берилди. Бул объекттер Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевичтин аралыктан катышуусунда, республика боюнча ачылган 35 жаңы социалдык жана административдик имараттардын алкагында ишке берилди. Жаңы пункттарда…

Толук окуу…

МИЛИЦИЯ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Бүгүн, 31-октябрда М.Баетов атындагы маданият үйүндө Кыргыз Республикасынын милиция кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чарага Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров, Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниги К.Тукеев, иштер органдарынын ардагерлери, мекеме-ишкана жетекчилери, айыл өкмөт башчылары жана милиция кызматкерлери катышышты. Район акими өз куттуктоосунда коомдук тартипти камсыз…

Толук окуу…

НАРЫН РАЙОНУНДА ӨНӨР ЖАЙ ПРОДУКЦИЯСЫНЫН ӨНДҮРҮШҮ 5 МЛРД 963 МЛН 204,6 МИҢ СОМГО ЖЕТТИ

Бүгүн, 2025-жылдын 21-октябрында Нарын райондук М.Баетов атындагы маданият үйүндө Нарын районунун 2025-жылдын 9 айындагы экономикалык-социалдык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары боюнча коллегиялык отурум өткөрүлдү. Отурумга Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров, коллегия мүчөлөрү, Нарын районунун прокурору А.Сатинбиев, мекеме-ишкана жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, мектеп директорлору, бала бакча жетекчилери, ФЭБ башчылары катышты. Коллегиянын күн тартибинде…

Толук окуу…