НАРЫН РАЙОНУНУН АКИМИНИН АЙЫЛ АЙМАКТАРДЫ КЫДЫРУУСУ УЛАНУУДА

2024-жылдын 6-12 март күндөрү Нарын районунун акими Н.С.Мадимаровдун кезектеги иш сапары, Жан-Булак жана Учкун айыл аймактарында болуп өттү. Алгач Жан-Булак айылындагы калктын саламаттыгына кам көргөн ФАПтын ишмердүүлүгүн, Достук айылындагы бала бакча жана айылдык китепканын абалдары менен таанышты. Андан соң Учкун айыл аймагынынын административдик борбору болгон Куланак айылындагы айыл өкмөтүнүн мекемесинде…

Толук окуу…

ВОЛЕЙБОЛ БОЮНЧА РАЙОНДУК МЕКТЕП ЛИГАСЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

2024 жылдын 9- мартында, Нарын облустук дене-тарбия жана спорт башкармалыгы тарабынан уюштурулуп, дээрлик 3 айга созулуп, 30 дан ашуун команданын ортосунда жүргөн волейбол боюнча Нарын районунун мектеп лигасынын жыйынтыктоо түрү болуп өттү. Анда өзүлөрүнүн жакшы даярдыгы, командалык оюну, мыкты чеберчилигин көргөзгөн Нарын районунун Кенеш айылындагы Казаалы Абиров орто мектебинин кыздар…

Толук окуу…

НАРЫН РАЙОНУНУН АЙЫЛ АЙМАКТАРЫНДА МАЙРАМДЫК ИШ-ЧАРАЛАР ӨТКӨРҮЛДҮ

8-Март -Аялдардын эл аралык майрамына карата Нарын районунун баардык айыл аймактарында майрамдык иш- чаралар өткөрүлдү. Анда маданият өкүлдөрү менен биргеликте, жер жерлерде концерттик программалар, салтанаттуу кечелер, куттуктоо аны менен бирге элине эмгеги менен таанылган айымдарды сыйлоо аземдери болуп өттү. Коомдо, турмуш тиричиликте айымдардын ролу чон экендиги, мырзалардан кем калышпай коомдук…

Толук окуу…

КУТТУКТОО

Урматтуу айымдар! Сиздерди жаркыраган Жаз майрамы 8-март – Аялдардын эл аралык күнү менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм! Эне мээрими, сабырдуулугу жана айкөлдүгү ар бирибиздин жүрөгүбүздөн жылуу түнөк таап, демибизге дем, күчүбүзгө күч кошуп, турмуштагы бардык кыйынчылыктарды жеңип, улам жаңы бийиктиктерди багындырууга шыктандырып турат. Сиздер – үйдүн куту гана эмес, мамлекетибиздин таянычы…

Толук окуу…

АЯЛЗАТЫ- БУЛ ЖАШООНУН БУЛАГЫ, АЯЛЗАТЫ –ҮЙ-БҮЛӨНҮН ДУБАЛЫ.

Эне сага кандай мактоо жарашат, Эне сенден ким сыймыкты талашат. Эне менен теңдеше албайт эч бир жан, Баардык мактоо сага гана жарашат- дегендей бүгүн Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында “8-Март Аялдардын эл аралык күнүнө” карата майрамдык иш чара болуп өттү. Майрамдык иш-чарага Нарын районунда ар тармакта эмгектенип келе жаткан…

Толук окуу…

НАРЫН РАЙОНУНУН АКИМ ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ ӨКМӨТҮНҮН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ МЕНЕН ЖЕРИНДЕ ТААНЫШТЫ

2024-жылдын 29-февралында Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаровдун иш сапары Жерге-Тал айыл аймагында болуп өттү. Иш сапардын жүрүшүндө Кызыл-Жылдыз айылындагы М. Иманалиев атындагы орто мектебинде болуп, окуучулардын сабакка болгон катышуусу жана билим деңгээли жана аларга түзүлгөн шарттарын көрдү. Андан соң ФАП, бала бакча жана маданият үйлөрүн карап, кызматкерлердин жүргүзүп жаткан…

Толук окуу…

НАРЫН РАЙОНУНДА “КООПСУЗ ӨЛКӨ – ТУРУКТУУ КЕЛЕЧЕК” ФОРУМУ ӨТКӨРҮЛДҮ

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-декабрындагы чечими менен “2022–2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу боюнча” Улуттук план бекитилген. 2024-жылдын 29-февралында аталган Улуттук пландын алкагында Миң-Булак айыл өкмөтүнүн жыйындар залында “Коопсуз өлкө – туруктуу келечек” аталышындагы форум өткөрүлдү. Нарын райондук ички иштер бөлүмү тарабынан уюштурулуп,…

Толук окуу…

АКИМДИН АЙЫЛ АЙМАКТАРДЫ КЫДЫРУУСУ УЛАНУУДА

Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаровдун бүгүнкү иш сапары Чет- Нура айыл аймагында болуп өттү. Алгач Ак- Кыя айылындагы М. Бекмуратов атындагы орто мектебинде болуп, окуучулардын сабакка болгон катышуусу билим деңгээли жана аларга түзүлгөн шарттарын көрдү. Андан соң Асек Жумабеков атындагы Ак-Кыя айылдык маданият үйүнүн жана китепканын абалы менен таанышып…

Толук окуу…

МЕКЕНДИ КОРГОО КҮНҮНӨ КАРАТА ТАЯК ТАРТЫШ БОЮНЧА НАРЫН РАЙОНУНУН БИРИНЧИЛИГИ

Кечээ 23-февраль Ата- Мекенди коргоо күнүнө карата, “Газпром” спорт комплексинде таяк тартыш боюнча 18-жаштан 35 жашка чейинки мырзалар жана айымдар арасында, түрдүү салмак чен бирдигинде мелдеш болуп өттү. Спорттук иш чара жаштардын арасында ынтымак, достукту бекемдөө, жаш муундардын ден соолугун чыңдоо жана сергек жашоого үндөөгө багытталып, аталган спорт түрүн өнүктүрүү,…

Толук окуу…

АТА-МЕКЕНДИ КОРГОО КҮНҮНӨ КАРАТА АКИМДИН КУТТУКТООСУ

Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы- аким Н.С.Мадимаровдун Ата-Мекенди коргоочулар күнүнө карата куттуктоосу. Урматтуу мекен сакчылары, сиздерди Ата -Мекенди коргоочулар күнү менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм! Мамлекетибиздин аймактык бүтүндүгүн, өлкөнүн коопсуздугун коргоодогу тактыкты талап кылган, жоопкерчиликтүү, түйшүктүү ошол эле убакта кайраттуулук менен ардактуу кызматты аркалап жүргөн мекен сакчыларына ден соолук, куч кубат…

Толук окуу…