БЕТОН ЗАВОД КУРУУ ҮЧҮН ЖЕР АЯНТЫ БЕРИЛДИ

Бүгүн, 3-декабрда Миң-Булак айыл аймагына караштуу Кош-Дөбө участогунан 1 гектар жер аянтына бетон завод куруу үчүн Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров жана “Нарын курулуш компаниясы” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси А.Асанбеков менен келишим түзүлүп, кол коюлду.
Бетон заводдун жалпы инвестиция көлөмү 350-400 миң долларды түзөт. Завод курулуп, ишке кирсе 30 жумушчу орун түзүлүп, иш менен камсыз болот.
Бетон заводдон чыккан материалдар Нарын шаарындагы мурунку метиостанциянын жеринде курулуучу “Тянь-Шань Сити” көп кабаттуу үйлөрдүн курулушуна жумшалат.
Белгилей кетсек, 2024-жылдын 25-ноябрында Нарын райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан конкурс өткөрүлүп, аталган компания жеңүүчү аталган.

Жооп калтыруу