БАЛДАР АРАСЫНДА КЫЛМЫШТУУЛУКТУ, ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ЗОРДУК-ЗОМБУЛУКТУ АЛДЫН АЛУУ, МИЛДЕТТҮҮ МЕДИЦИНАЛЫК КАМСЫЗДАНДЫРУУ ЖАНА ЫСЫРАПКОРЧУЛУКТУ АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА АЙЫЛ АЙМАКТАРДА ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ УЛАНУУДА

Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин буйругуна ылайык, 2024-жылдын 13-мартынан баштап Нарын районунда 2023-жылдын 29-мартындагы «Кыргыз Республикасынын жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө” №72 Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» №54 Жарлыгына, 2023-жылдын 16-майындагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Жеке ишкерлер тарабынан турак жайларда көрсөтүлүүчү мектепке чейинки билим берүү кызматтарын уюштурууда балдардын болуу шарттарынын коопсуздугу боюнча минималдуу санитардык талаптарды жана өрт коопсуздугу боюнча минималдуу санитардык талаптарды бекитүү жөнүндө” №260, 2023-жылдагы 25-майындагы “Мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндө ишкердик ишти өнүктүрүү жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну көбөйтүү боюнча кошумча чаралар жөнүндө” №279 жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июнундагы №391 токтомдоруна ылайык, Нарын районунун мектептеринде калк арасында жашы жетелек балдарга карата зомбулук, ырайымсыз мамиле жасоо, өспүрүмдөр арасындагы суицид, кылмыштуулукту, үй-бүлөлүк зомбулукту, эрте никеге турууну, рэкетчилик, адам сатуу фактыларын алдын алуу, айыл аймактарда мектепке чейинки курактагы балдарды бала бакчаларга тартуу жана жарандарды медициналык камсыздандыруудан өткөрүү, кызамык оорусун алдын алуу, үй-бүлөлүк майрамдарды жана эскерүү каада салттарын тартипке келтирүү жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча мектептерде жыйындар уюштурулуп, калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлө баштаган.
Бүгүн, 2-апрелде Нарын районуна караштуу Эмгекчил айылындагы Т.Байбураев атындагы орто мектебинде Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Жанболотова Эльвира Бегалиевна, Нарын РИИБдин башчысынын орун басары милициянын подполковниги Т.Айбекович, Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Исакова Гүлбарчын Бейманжановна, Нарын облустук үй бүлөлүк медицина борборунун дарыгери Султангазы кызы Назгүл, Нарын районунун имам-хатиби Р. Чыров ата-энелер жана окуучулар менен жолугушуп, кылмыштуулукту алдын-алуу, зордук-зомбулук, эрте никеге туруу боюнча кеңири маалыматтар берилип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө мектептин музыка мугалими Нусупова Бактыгүл атынан ачылган музыка кабинетин ачуу аземи да болуп өттү.
Б.Нусупова аталган мектепте 30 жылга чукул музыка мугалими болуп окуучуларга комуз үйрөтүп, эмгектенип келет.
Миң-Булак айыл өкмөтүнүн Эмгекчил айылынын Токтосун Байбураев атындагы орто мектебинин музыка мугалими Бактыгүл Нусупова эженин өз демөөрчүлүгү менен 200 миң сомго автордук класс уюштурулду.

Жооп калтыруу