Бүгүн, 7-февралда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев иш сапары менен Нарын районунда болду.
Иш сапарынын алкагында Б.Төрөбаев Нарын облусундагы пилоттук реформалардын негизинде жасалган жумуштардан кабар алды.
Нарын районунун Миң-Булак айылындагы тазалык ишканасынын атайын жана айыл чарба техникаларын көрдү. Ошондой эле жаңы ачылган мык, буроолорду чыгаруучу, чынжырча торлорду түйүүчү ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышты.