КОЛЛЕГИЯЛЫК ОТУРУМ ӨТКӨРҮЛҮП, БИР КАТАР МАСЕЛЕЛЕР ТАЛКУУЛАНДЫ
2025-жылдын 23-апрелинде Нарын райондук мамлекеттик администрациясында коллегиялык отурум өткөрүлдү. Коллегиялык отурумга Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров, коллегиянын мүчөлөрү, мекеме, ишкана жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, айыл башчылар жана социалдык адистер катышты. Күн тартибиндеги негизги маселелер: 1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-сентябрындагы №517 “Эпизотиялык бейпилдикти жана ветеринардык-санитардык коопсуздукту камсыз кылуу…








