1-октябрь Карылар күнү

2025-жылдын 1-октябрынан тарта “Улгайган жарандарга көңүл буруу жана камкордук көрүү” ураанынын алдында Нарын районунда бир айлык иш-чаралар башталды. Иш-чаранын алкагында Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Р.Сапарбеков, акимдин орун басары улгайган жарандарды жеринен куттуктап, белектерди тапшырып, урмат-сый көрсөтүштү.…

Толук окуу…

Нарын районунда ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча жыйын өткөрүлдү

2025-жылдын 24-сентябрында Нарын районунун прокуратурасы жана Нарын райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан райондук администрациясынын имаратынын жыйындар залында жеке ишкерлер, укук коргоо жана контролдоочу органдар менен бирге жолугушуу өткөрүлдү. Аталган жолугушууга ишкердиктин жана бизнестин ар кайсы тармактарынын жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Иш-чарада жеке ишкерлердин укуктарын коргоо, бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү,…

Толук окуу…

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ – УЛУТТУН РУХУ, МАДАНИЯТТЫН ТАЯНЫЧЫ!

23-сентябрь — Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү. Ушул күнгө карата Нарын районунун бардык айыл аймактарында ар түрдүү маданий жана агартуу иш-чаралар өткөрүлдү. Мектептерде, маданият үйлөрүндө, китепканаларда уюштурулган иш-чараларда кыргыз тилинин көркөмдүгү, тарыхый мааниси жана баалуулугу дагы бир жолу баса белгиленди. Кыргыз тили — бул элдин жүрөгү, руху жана тагдыры. Аны…

Толук окуу…

Үй-бүлөлүк зордук зомбулуктун абалы жана алдын алуу иш чаралары

Нарын районунун аймагында үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү жана алдын алуу иштери системалуу жүргүзүлүп келет. Соңку статистикалык маалыматтар боюнча, 2025-жылдын 8 айына карата Нарын РИИБдин МЭЖна үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 24 факт катталган, бул көрсөткүч 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3 учурга көп (2024-ж. 21). Анын ичинен аялдарга карата – 19, эркектерге карата…

Толук окуу…

НАРЫН РАЙОНУНДА ЖАЛПЫ ИШЕМБИЛИК ӨТКӨРҮЛДҮ

Бүгүн, Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата Нарын районунда жалпы райондук ишембилик өткөрүлдү. Ишембилик алкагында район аймагындагы мекеме-ишканалар Долон ашуусунан баштап Нарын шаарынын кире беришине чейинки Нарын–Бишкек–Торугарт унаа жолунун жээктери, ошондой эле райондук маанидеги Нарын-Үч-Нура, Нарын-Орук-Там, Нарын-Баетова, Нарын-Он-Арча-Ашырма жолдорунун жээктери тазаланып, ирээтке келтирилди. Ошондой эле коомдук жайлар, эс алуу зоналары, социалдык…

Толук окуу…

НАРЫН РАЙОНУНДА ЗОРДУК-ЗОМБУЛУК ЖАНА ЭРТЕ НИКЕГЕ ТУРУУНУ АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА КООРДИНАЦИЯЛЫК КЕҢЕШМЕ ӨТТҮ

📍 2025-жылдын 19-сентябрында администрациянын жыйындар залында зордук-зомбулук, эрте никеге турууну алдын алуу, жыныстык кол тийбестикти камсыздоо жана бул багытта жүргүзүлүп жаткан иштердин жыйынтыгын талкуулаган координациялык кеңешме болуп өттү. Кеңешмеге Нарын районунун акими Н.Мадимаров, Нарын районунун прокурору Д. Суранбеков, Нарын РИИБдин начальнигинин орун басары Т. Ашырбаев, билим берүү бөлүмүнүн башчысы Г.Исакова,…

Толук окуу…

НАРЫН РАЙОНУНДА КРИЗИСТИК БОРБОР АЧЫЛДЫ

2025-жылдын 16-сентябрында Нарын районунун Миң-Булак айыл аймагына караштуу Куйбышев айылында Жумгалбек Солтонкулов атындагы кризистик борбор расмий ачылды. Бул борбор Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин социалдык колдоо долбоорунун алкагында 827 миң сомго каржыланып, аталган каражат имаратты капиталдык оңдоого жана кызматкерлердин айлык акысын төлөөгө багытталган. Борбордун негизги максаты— турмуштук…

Толук окуу…

“НАРЫН” АЭРОПОРТУ ЖАНДАНЫП, КАТТАМ ИШКЕ КИРДИ

Бүгүн, 8-сентябрда Нарын районунун Кеңеш айылындагы “Нарын” аэропорту расмий ачылып, толук пайдаланууга берилди. Анын ачылыш салтанатына президент Садыр Жапаров катышып, тасмасын чечти. Аны менен катар Жалал-Абад облусунун “Казарман” аэропорту онлайн режимде ачылды. Өлкө башчы аймактык аэропорттордун реконструкциядан өтүп, аба каттамынын кайра жанданышы Кыргызстандын авиация тармагы өнүгүү жолунда бара жатканын белгиледи.…

Толук окуу…

ЭГЕМЕНДҮҮЛҮККӨ 34 ЖЫЛ 🇰🇬🇰🇬🇰🇬

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 34 жылдыгы Кара-Бүк участкасында жайгашкан “AS A NOMAD” этно-комплексинде салтанаттуу белгиленди. Иш-чаранын алкагында Нарын райондук М.Баетов атындагы маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кайра жаралуусун чагылдырган театрлаштырылган көрүнүш көрсөтүлүп, облус аймагындагы өнүгүү жетишкендиктери тууралуу маалымат берилди. Майрамдык салтанатта Кыргыз Республмкасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи…

Толук окуу…

НАРЫН РАЙОНУНДА ЭГЕМЕНДҮҮЛҮКТҮН 34 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА УЛУТТУК ОЮНДАР ӨТКӨРҮЛДҮ

Эгемендиктин 34 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чаранын алкагында Нарын райондук спорт башкармалыгы тарабынан улуттук оюндар уюштурулду. Иш-чарада катышуучулар арасында таяк тартыш, кол күрөш жана башка улуттук спорт түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө дипломдор жана белектер тапшырылды. Бул оюндар элибиздин көчмөн маданияты менен спорттук мурастарын жандандырып, жаштар арасында патриоттук сезимди күчөтүүгө өбөлгө…

Толук окуу…