2025-жылдын 25-декабрында Нарын районунун Жан-Булак айылындагы А.Жутакеев, Куланак айылындагы А.Аралбаев атындагы жалпы билим берүү мектептеринде “Балдардын укуктарын, коопсуздугун жана адеп-ахлактык өнүгүүсүн камсыз кылуу-коомдук жоопкерчилик” аталышында иш чара болуп өттү. Иш чара Нарын райондук прокуратурасы тарабынан демилгеленип, жолугушууга Нарын районунун прокурору, юстициянын подполковниги Сатинбаев Азатбек Оморжанович, прокурордун жардамчысы Асыпбаева Гузаль Канатовна,…









