НАРЫН РАЙОНУНУН АКИМИ МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ ӨКМӨТҮНДӨ

Бүгүн, 22-июлда Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мадимаров Нуридин Султанович, Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Кошалиев Бакыт Сейтекович менен биргеликте Миң-Булак айыл аймагына караштуу Оттук жана Эчки-Башы айылдарында болду. Иш сапардын алкагында Оттук айылына “Миң-Булак өнүктүрүү фонду” тарабынан жаңы сатылып алынган Кытай өндүрүшүнөн чыккан “ZOOMLION” үлгүсүндөгү трактор 2 млн 670 миң…