НАРЫН РАЙОНУНДА КАРЫЛАР КҮНҮ САЛТАНАТТУУ БЕЛГИЛЕНҮҮДӨ

“1-октябрь–Улгайган адамдардын күнүнө” карата райондун бардык айыл аймактарында иш- чаралар өткөрүлөт. Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын резервдик фондунан акча каражаты бөлүнүп, улгайган адамдарга материалдык жардамдар берилди. Бүгүн, Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергенов жана аппарат кызматкерлери тарабынан уюштурулган “1-октябрь–Улгайган адамдардын күнүнө” карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чарага Нарын районунун акими Мадимаров Нуридин…