АТА-МЕКЕНДИ КОРГОО КҮНҮНӨ КАРАТА АКИМДИН КУТТУКТООСУ

Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы- аким Н.С.Мадимаровдун Ата-Мекенди коргоочулар күнүнө карата куттуктоосу.
Урматтуу мекен сакчылары, сиздерди Ата -Мекенди коргоочулар күнү менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм!
Мамлекетибиздин аймактык бүтүндүгүн, өлкөнүн коопсуздугун коргоодогу тактыкты талап кылган, жоопкерчиликтүү, түйшүктүү ошол эле убакта кайраттуулук менен ардактуу кызматты аркалап жүргөн мекен сакчыларына ден соолук, куч кубат жана узун өмүр каалайм.
Мекенди коргоо- чек арада турган жоокерлер менен чектелбестен үй бүлөнүн бейпилдигин, карапайым калктын турмушун жеңилдетүүгө эмгеги менен салым кошуп келген биздин жарандарыбызга да ийгилик жана аманчылык тилейм.
Элибизде, жерибизде тынчтык болуп, ишиниздерде ийгиликтер көп болсун, дагы бир жолу майрамыныздар менен.
Сиздерди терең урматтоо менен Мадимаров Нуридин Султанович

Жооп калтыруу