АКИМДИН КУТТУКТООСУ

Урматтуу Энелер!
Сиздерди бүгүнкү майрамыңыздар — Энелер күнү менен чын дилимден куттуктайм!
Жашообузда Эненин өзгөчө ролу бар. Эне — дүйнөдө теңдеши жок асылзат. Эне — өмүрдүн башаты. Эне — ар бир үйдүн, жалпы мекенибиздин куту.
Эне – үй-бүлөнүн ынтымагын ширелткен, коломтонун ээси, коомубуздун уюткусу.
Элибиз байыртадан энени ыйык көргөн, Умай эне атаган, жерди — Жер Эне, өз тилин — Эне тил деген!
Ошондуктан Энени урматтоо жана сыйлоо, анын турмуштагы алмаштырылгыс ордун таануу каада-салттарыбызга терең тамырлаган.
Мекенибизде бекем, чоң жана ынтымактуу үй-бүлөлөр ар дайым коомубуздагы адеп-ахлактык бакубаттуулуктарды калыптандыруунун маанилүү фактору болуп эсептелет.
Ардактуу асылзаада Энелер!
Сиздерге бекем ден соолук, узун өмүр, кучак толо кубаныч менен кошо жан дүйнө сулуулугун жана аялдык улуу бакытты каалайм. Өчпөс коломто ээси болуп, турмуштун улуу көчүн мындан ары да улай беришиңиздерге чын дилимден тилектешмин.
Жакындарыңыздардын арасында кадыр-баркка ээ болуп жүрө бериңиздер!
Сиздерди терең урматтоо менен Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мадимаров Нуридин Султанович

Жооп калтыруу