АКИМДИН БӨБӨКТӨРГӨ АРНАЛГАН ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БАЛАТЫ МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ

Бүгүн 30-декабрда Нарын облустук академиялык драм-театрда Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мадимаров Нуридин Султановичтин бөбөктөргө арналган балаты майрамы болуп өттү.
Иш-чарага райондун айыл аймактарынан чакырылган бөбөктөр жана ата-энелер катышышты.
Майрамдык иш-чарада Нарын райондук М.Баетов атындагы маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан бөбөктөр үчүн “Карышкырдын мыйзамы” аттуу жомок каармандары менен мюзикл тартууланып, ыр-бий менен коштолду.
Андан соң Нарын районунун акими Н.Мадимаров бөбөктөргө төмөндөгүдөй куттуктоо сөзүн арнады:
“Урматтуу биздин кичинекей бөбөктөр жана иш-чарага катышып жаткан ата-энелер!
Эски жылды узатып, астыбызда 2025-жаңы жыл кирип келе жатат, баарыңыздарга жеке өзүмдүн атымдан жана Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын атынан жаңы жылыңыздар менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм.
Сиздерге чың ден соолук, узак өмүр, кажыбас кайрат жана жаңырган жыл баарыңыздардын үй-бүлөңүздөрдө жакшылыктардын, ийгиликтердин, токчулуктун, молчулуктун, тынччылыктын, ынтымактын жана биримдиктин жылы болушуна тилектешмин.
Урматтуу биздин кичинекей бөбөктөр Сиздер терең билим алып, жакшы окуп, мугалимдерди, ата-энеңерди сыйлап, келечекте мыкты инсандардан болуп, мамлекетибиздин өнүгүшүнө салым кошкон чыгаан уул-кыздардан болушуңуздарды каалайм, биз Сиздерден көптөгөн жакшы нерселерди үмүт кылабыз жана келечек сиздердин колуңуздарда.
Дагы бир жолу кирип келе жаткан жаңы жылыңыздар менен куттуктайм, ар бириңиздерге бекем ден соолук, кең келечек, бактылуу балалык жана окууда чоң-чоң ийгиликтерди каалайм!
Район акиминин жаңы жылдык балатысына айыл аймактардагы жакшы окуган окуучулар, аз-камсыз, тоголок жетим, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, жалпы 150 бөбөк катышты.
Балаты майрамына арналган иш-чарага Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын резервдик фондунан жана “Авелум” ЖЧК тарабынан бөбөктөргө таттуулар жана чакан белектер берилди.

Жооп калтыруу