АКИМДИН АЙЫЛ АЙМАКТАРДЫ КЫДЫРУУСУ УЛАНУУДА

Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаровдун бүгүнкү иш сапары Чет- Нура айыл аймагында болуп өттү.
Алгач Ак- Кыя айылындагы М. Бекмуратов атындагы орто мектебинде болуп, окуучулардын сабакка болгон катышуусу билим деңгээли жана аларга түзүлгөн шарттарын көрдү.
Андан соң Асек Жумабеков атындагы Ак-Кыя айылдык маданият үйүнүн жана китепканын абалы менен таанышып чыкты.
Ошондой эле Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинде болуп, калкты сапаттуу тейлөө боюнча коомдук кабылдаманын, аз камсыз, жардамга муктаж болгон аярлуу катмарды тейлеген социалдык кызматкердин, финансы экономика бөлүмүнүн жана КРнын Президентинин Жарлыктарын, Министрлер Кабинетинин токтомдорунун аткарылышы боюнча иш аракеттери менен таанышты.
Кийинки жүрүш Ак-Булуң айылында улантылып, анда Күчүков орто мектебинин окуучуларынын катышы, билим уясынын ишмердүүлүгү жана жалпы шартын көрдү.
Андан сырткары Ак-Булуң айылындагы ФАПта кызматкерлердин иш аракеттерин жана Шокен уулу Кубанычбек атындагы маданият үйүнүн иш пландары менен таанышты.
Нарын районунун алыскы айылдарынын катарына кирип, шарты катаал, кышы оор болгон Төш-Булак айылында дагы билим берүү мекемесинде болуп, окуучулардан кабар алып кайтты.

Жооп калтыруу