АКИМ-НАРЫН РАЙОНУНУН СЫЙМЫГЫ БОЛГОН ХОККЕИСТ, СПОРТЧУ А.БЕКМУРАТОВДУ КАБЫЛ АЛДЫ

Бүгүн, 24-апрелде Нарын райондук мамлекеттик админситрациясынын башчысы-аким Мадимаров Нуридин Султанович Нарын районунун Кеңеш айылынын тургуну спортчу жана хоккеист Бекмуратов Адил кабыл алды.
Бекмуратов Адил 2001-жылы Нарын районуна караштуу Кеңеш айылында туулган. Кеңеш айылында чоңойуп, өскөн. Учурда Кыргыз мамлекеттик дене-тарбия жана спорт академиясынын 1-курсунун студенти.
Бекмуратов Адил Кыргыз Республикасынын хоккей боюнча улуттук курамасында ойнойт. Адил Бекмуратов Нарын районунан хоккей боюнча улуттук курамга кошулган жалгыз оюнчу.
Учурда “Локоматив” клубунун чабуулчусу. Түркменистан өлкөсүндө 15 өлкөнүн ичинде өткөн достук беттеште Кыргызстан улуттук курама командасы 5-орунду багындырып, ийгилик жаратышкан.
Район акими Н.Мадимаров өз сөзүндө: Дене тарбия жана спорт коомдун жашоосунда зор мааниге ээ. Биздин спортчуларыбыз ири эл аралык мелдештерде, дүйнөлүк чемпионаттарда жеңишке жетишип, элибиздин сыймыгы болуп, жаштарды патриоттуулукка тарбиялоодо өрнөк көрсөтүп, элибизди сыймыкка бөлөөдө.
Кыргызстандык спортчулар көптөгөн мелдештерде, анын ичинде Олимпиада оюндарында, Азия оюндарында, Паралимпиада оюндарында өлкөбүздү татыктуу көрсөтүп келүүдө. Спорт тармагы ар дайым мамлекеттин көңүл борборунда экендигин белгилеп, спортчуларга мамлекет жана жергиликтүү бийлик тарабынан спорт тармагын өнүктүрүүгө жана ар дайым колдоо көрсөтүлүп тураарын билдирди.
“Ааламга кеткен жол-айылдан башталат”-дегендей Адилдей спортчубуз менен сыймыктанабыз жана кыргыз желегин ар дайым бийиктиктерде желбиретип жүрө беришине тилектеш экендигин баса белгиледи.
Нарын районунун акими Н.Мадимаров Бекмуратов Адилдин спорттогу жетишкендиктерин жана хоккей оюнунун өнүгүшүнө кошкон салымын колдоо максатында Нарын райондук мамлекеттик резервдик фондунан акчалай колдоо көрсөттү.

Жооп калтыруу