АКИМ КАЗАН-КУЙГАН АЙЫЛЫНЫН ЖАШООЧУЛАРЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

2025-жылдын 7-февралында Жерге-Тал айыл өкмөтүнө караштуу Казан-Куйган айылынын маданият үйүндө жергиликтүү тургундардын маселелери, көйгөй, сунуштары жеринен угулуп, ошондой эле айылдын өнүгүшүнө багытталган маселелерди талкуулоо боюнча жыйын болуп өттү.
Жыйынга Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров, мекеме жетекчилер, Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сыдыкбеков жана айыл тургундары катышты.
Жыйындын жүрүшүндө айыл өкмөт башчысы 2024-жыл ичинде социалдык-экономикалык жактан аткарылган иштер, айылдын инфраструктурасын өнүктүрүүдө жасалган иш-аракеттер боюнча элге мааламыт берди.
Андан соң айыл тургундары тарабынан айылга чакан кийим тигүү цехин ачуу боюнча сунуштар айтылып,андан сырткары таза суу, жайыт жана жайыттын жолдору, үлүш жерлер боюнча суроолор берилди.
Жыйында элдин сунуштары жана көйгөйлөрү жеринен угулуп, ал маселелерди чечүү үчүн тиешелүү иш-аракеттер пландаштырылып, район акими Н.Мадимаров мекеме жетекчилерге жана айыл өкмөт башчысына иш алып баруу боюнча тапшырмаларды берди.

Жооп калтыруу