АКИМ ЭМГЕК-ТАЛАА АЙЫЛ ӨКМӨТҮНДӨ ИШ САПАРДА

Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мадимаров Нуридин Султанович бүгүн, 25-июлда Эмгек-Талаа айыл өкмөтүндө иш сапар менен болду.
Иш сапарда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресуртары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Нарын филиалынын өкүлү А.Сатыбалдиев, Нарын райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Н.Саадабаев, Нарын РИИБнүн Куланак аймактык бөлүмүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү, милициянын улук лейтенанты Т.Бейшебай уулу, Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн жер адиси Б.Талантбек уулу менен биргеликте жеринде жарандарды кабыл алып, жарандардын кайрылуулары, маселелери каралып, жеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Жолугушууда тараптар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, мыйзам чегинде аталган маселени чечип берүү үчүн тиешелүү мекемелерге, Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнө жана Ак-Кудук айылынын айыл башчысына тиешелүү тапшырмаларды берди.
Андан сырткары иш сапардын жүрүшүндө Эмгек-Талаа айыл өкмөтүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарынын, Министрлер Кабинетининин токтомдорунун аткарылышын жана иш кагаздарды жүргүзүүнүн тартиптери боюнча жеринен таанышты.
Иш кагаздарда кетирилген кемчиликтерди жоюу боюнча тиешелүү кызматкерлерге тапшырмалар берилди.

Жооп калтыруу