Район акими Н.Мадимаров, Нарын райондук өнүктүрүү фондунун жетекчиси А.Рысбекова менен биргеликте Чет-Нура айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Кыя, Орто-Нура, Ак-Булуң, Ийри-Суу айылдарында жана Миң-Булак айыл өкмөтүндө иш сапарда болду.
Алгач иш сапар Чет-Нура айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Кыя айылында болуп, «Нарын облусунда айылды ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана санитарияны өнүктүрүү» программасынын алкагында ишке ашырылып жаткан «Таза суу» долбоорунун курулуш иштери менен таанышты.
Айылга таза суу системасын тартуу иштерин «Экарас-5» жана «СК Шер-Курулуш» ЖЧКлары тарабынан 59 985 000 сомго жүргүзулүүдө. Бүгүнкү күндө таза суу системасын тартуу иштери 80% аткарылган.
Ушул эле айылда жүргүзүлүп жаткан ФАПтун курулуш иштерин көрдү.
Жаңы салынып жаткан ФАПка Нарын райондук өнүктүрүү фонду (1 000 000 сом), АРИС уюму (2 525 000 сом) жана жергиликтүү бюджеттен (1 737 170 сом) эсебинен акча каражаты бөлүнгөн, жалпы наркы 5 262 170 миң сомду түзөт.
Жумуш бүгүнкү күндө дээрлик 50%га бүткөрүлгөн.
Нарын райондук өнүктүрүү фонду тарабынан Орто-Нура айылындагы «Жеңиш» паркынын оңдоп, түзөө иштерине акча каражаты бөлүнүп, учурда парктын айланасын коруу иштери жүргүзүлүүдө.
Район акими Ак-Булуң айылындагы Капар Күчүков атындагы башталгыч мектебин капиталдык ремонттоо үчүн Нарын облустук «Теңир-Тоо өнүктүрүү» фонду тарабынан каржыланып, аткарылып жаткан иштерди жеринде көрдү.
Азыркы учурда мектептин чатыры алмаштырылган, андан сырткары эшик, терезелери жаңыртылып жана ички инвентарлар алынып, жаңы окуу жылына даяр болот.
Фонд тарабынан бөлүнгөн акча каражаты 1 446 500 сом.
Андан сырткары Ийри-Суу айылындагы мамлекет тарабынан капиталдык салымдар беренесинин эсебинен курулушу жүрүп жаткан 225 орундуу орто мектептин курулуш иштеринен кабар алды.
Аким Нуридин Султановичтин кийинки иш сапары Миң-Булак айыл өкмөтүндө болуп, курулушу аяктап калган кол өнөрчүлөрдүн тигүүчү цехине барды. Учурда курулуш жана ички жасалгалоо иштерин «Сапат-ШЕД» ЖЧК тарабынан жүргүзүлүүдө. Бул имаратка АРИС уюму (6 525 000 сом), жергиликтүү бюджеттен (3 850 000 сом) жана Миң-Булак айыл өкмөтүнүн өнүктүрүү фондунан (4 000 000 сом) акча каражаттары бөлүнгөн.
Ошондой эле, Куйбушев айылындагы мык чыгаруучу чехтин чатырчасын алмаштырып, жаңыртуу иштери, Миң-Булак өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып, жүргүзүлүп жаткан иштерди көрдү.
Куйбушев айылдык А.Осмонов атындагы маданият үйүндө болуп, ишмердүүлүгүн, тазалыгын, жасалгасын карап, бир катар тиешелүү тапшырмаларды берди.