2024-жылдын 18-апрелинде Нарын районунун акими Н.Мадимаров Эмгек-Талаа айыл аймагына караштуу Эмгек-Талаа, Шоро, Ак-Кудук айылдарында болду.
Иш сапардын жүрүшүндө алгач Эмгек-Талаа айылында жайгашкан Г. Эсенаманова атындагы балдар бакчасына барып, иш пландары жана жүргүзүп жаткан ишмердүүлүктөрү менен таанышты.
Андан соң Шоро айылындагы С. Мамбеталиев атындагы орто мектебинде жана Шоро келечеги атындагы балдар бакчасында болуп, окуучулардын жетишкендиктери жана сабакка болгон катышуусун, билим сапаты, жалпы республикалык тестирлөөгө болгон даярдыгынан кабар алды.
Ошондой эле Ак-Кудук айылындагы жаңы салынган Омор уулу Кожоке атындагы орто мектептин ички жасалгалоо иштери менен таанышты.