Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы- аким Н.Мадимаровдун 9-апрелдеги иш сапары Миң-Булак айыл аймагына караштуу Он-Арча айылында болду.
Он-Арча айылында АРИС уюму тарабынан каржыланып, салынып жаткан ФАПтун курулуш иштерин жеринде көрүп кайтты.
Ошондой эле азыркы учурда элдин саламаттыгына кам көрүп иштеп жаткан Он-Арча ФАПтун техникалык шарттары, санитардык талаптары жана жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгү менен таанышты.
Иш сапардын жүрүшүндө Нарын райондук суу чарба башкармалыгынын жетекчиси А.Бекбоев менен бирге Он-Арча-1 жана Он-Арча-2 насостук станцияларында болду.
Жазгы талаачылык жумуштары башталаар алдында тургандыктан сугат суусун өз убагынан кечиктирбей, үзгүлтүксүз камсыз кылуу жагын тапшырды.
Белгилей кетсек Он-Арча-1 1579 га, Он-Арча-2 насостук станциясы 1381 га жерди сугат суусу менен камсыз кылат.