“АГРО – 2024” АЙЫЛ ЧАРБА ФОРУМУ НАРЫН ЖЕРГЕСИНДЕ ӨТКӨРҮЛДҮ

Бүгүн, 27-мартта Нарын облусунда “Агро – 2024” айыл чарба форуму өткөрүлдү.
Агро форумдун максаты айыл чарбасын өнүктүрүүнүн келечектүү багыттарын аныктап, дыйкан, фермерлерге, багбандарга жаңыча ыкмалар боюнча маалыматтарды, кеп-кеңештерди берүү менен айыл чарбасын өнүктүрүүгө жол ачуу болуп саналат.
Форумдун расмий бөлүгү Нарын шаарындагы М.Рыскулов атындагы академиялык музыкалуу драма театрында КР Айыл чарба министрлигинен келген өкүлдөрдүн, облус жетекчилигинин, айыл чарбасы боюнча иш алып барган мамлекеттик жана коомдук уюмдардын, айыл чарба адистеринин, облустун дыйкан, фермерлер катышты.
Кийинки бөлүгү борбордук аянтта сатылып алынган айыл чарба техникаларын айыл өкмөт башчыларына тапшыруу менен коштолду.
Бул техникалар административдик-аймактык реформанын алкагында ирилешкенден кийинки айыл аймактарды колдоо жана ишин жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин колдоосу менен Нарын районундагы 7 айыл өкмөттүн ар бирине 10 млн сомдон өнүгүү үчүн акча каражаты бөлүнүп берилген.
Бөлүнүп берилген акча каражатына айыл чарба техникалары сатылып алынган жана чакан ишканалар ачылган.
Агро-2024 форумунун кийинки бөлүгү Нарын районунун Миң-Булак айыл аймагындагы жаңы ачылып, иштеп жаткан ишканалар менен таанышуу иш чарасы менен коштолду.
Тактап айтканда форумдун катышуучулары Миң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Өрнөк айылындагы техникалык тейлөө станциясынын (ТТС) ишин жеринде көрүп жана Куйбышев айылындагы «Мык чыгаруучу цехте» болуп, ал жакта тор түйгөн, темир ширетүүчү түрдүү шаймандарды көрүп, жүргүзүлүп жаткан иштер менен жеринде таанышты.
Ошондой эле Миң-Булак айыл өкмөтүнүн тех.сервисине сатылып алынган 2 даана МТЗ-82 трактор, 1 даана NOVA-340 комбайн жана 1 даана Hyundai R140W-9S экскватор техникаларын көрдү.

Жооп калтыруу