БИЛИМДҮҮГӨ ДҮЙНӨ ЖАРЫК

Нарын районунун Миң-Булак айыл аймагынын Эмгекчил айылындагы Токтосун Байбураев атындагы орто мектебинин 7- классынын окуучусу ийгилик жаратты .
Атап айтсак, Өмүрзакова Акактай мугалими Бермет Муканбетованын насаатчылыгы астында Кыргыз тили жана адабияты сабагы боюнча Билимкана олимпиадасынын буга чейинки райондук жана облустук турунан ийгиликтүү өтүп, үстүбүздөгү жылдын 28- мартында Республикалык олимпиадада 1- орунду багындырып, Малайзия өлкөсүндө боло турган олимпиадага жолдомо алды.
Учурдан пайдаланып, Өмүрзакова Акактай жана мугалими Бермет Муканбетовага ийгилик каалайбыз жана чет өлкөдөн да чооң жетишкендиктерге жетүүсүнө тилектешпиз.

Жооп калтыруу