Нарын районунун прокурорунун орун басары юстициянын капитаны Ж.Бактыбекованын берген баяндамасына ылайык, 2023-жылы Нарын районунун аймагында 88 (2022-жылы -102) кылмыш катталып, мурдагы жылга салыштырмалуу 14 кылмышка, башкача айтканда 13,7% азайган.
Катталган кылмыш иштердин ичинен 1 оор (ден-соолукка оор залал келтирүү) жана 1 өзгөчө оор(адам өлтүрүү) кылмыш ишин түзүп, калган кылмыштар коркунучтуулугу аз жана анча оор эмес кылмыштар болгон (уурулук, алдамчылык, ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу, ден-соолукка жеңил залал келтирүү, ата-эненин балдарды багуудан баш тартуусу ж.б.)
Жогорудагы катталган кылмыштардын ичинен 2 кылмыш 4 жаш өспүрүм тарабынан жана 3 кылмыш 3 аял тарабынан жасалган.
Мындан сырткары, 13 адам мас абалында кылмыш жасаган болсо, 2 адам мурда кылмыш жасаган адамдарды түзгөн.
2023-жылы Нарын РИИБнүн тергөө кызматынын өндүрүшүндө жалпы 120 кылмыш иши болуп, тергөөнүн жыйынтыгы менен 92 кылмыш ишинин тергөөсү аяктаган.
Тергөөсү аяктаган кылмыш иштеринин ичинен 34 кылмыш иши негизинен кароо үчүн сотко жиберилип, 58 кылмыш иши өндүрүштөн кыскартылган.
Кылмыш иштер төмөндөгү негиздер менен өндүрүштөн кыскартылган: Кыргыз Республикасынын КЖПКнин 27-бер.1-бөл.2-п. менен (жосунда кылмыштын курамы болбогондо) – 22; 5-п. менен (соттун, адамга карата ошол эле айыптоо боюнча күчүнө кирген мыйзамдуу өкүмү же чечими болсо) – 1 иш; 7-п. (кылмыш-жаза сот өндүрүшүн жүзөгө ашыруу учурунда каза болгон адамга карата) -1 иш; 9-п. менен (Кылмыш-жаза кодексинин Өзгөчө бөлүгүнүн жоболорунан улам кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулууга жаткан жакка карата) -3 иш; 13-п.( жабырлануучу жеке-ачык айыптоону колдоодон баш тартканда жана айыпталуучу менен макулдашууга жетишкенде) – 31 иш.
Өндүрүштөн кыскартылган 1 кылмыш иши боюнча 2 878 720,48 сомдук зыян аныкталып, ал натуралай түрдө өндүрүлгөн.
Белгилеп кетүүчү жагдай, Нарын райондук прокуратурасы тарабынан кылмыштар тууралуу арыз, билдирүүлөрдү кабыл алуу, каттоо жана мыйзам чегинде чечүү, кылмыш иштер боюнча тергөө аракеттери мыйзам чегинде жүргүзүлүүсүн камсыз кылуу жана жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо багытына прокурордук көзөмөл мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүлүп келүүдө.

Все реакции:
Айкен Байсарытегин, Жазгул Бактыбекова и ещё 2