Бүгүн, 28-мартта Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаровдун жетекчилиги астында жазгы талаачылык жумуштары боюнча штаб болуп өттү.
Штабка Нарын райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы А. Мүсүрканов, райондук суу чарба башкармалыгынын башкы инженери жана райондук ветеринария башкармалыгынын адиси катышты.
Нарын районунун айыл аймактарында жазгы талаачылык иштерине кызуу даярдыктар көрүлүүдө. Жер-жерлерде техникалык кооперативдер, техникалык сервистер жана жеке техника ээлери, үрөнчүлүк чарбалар жана жеке фермерлер жазгы айдап себүү өнөктүгүнө даярдык көрүүдө.
Калктын жашоо шартын жакшыртуу жана азык-түлүк коопсуздугун алдын-алуу максатында мамлекет тарабынан көңүл бурулуп, жогорку сапаттагы үрөндөр жеңилдетилген шарттарда берилип келет.
Райондо чыктуу тоют даярдоо, арпа, буудай менен бирге жүгөрү эгип тоют камдоо зарылчылыгы келип чыкканын жана бул иштер колго алынаары пландалууда.
Өткөрүлгөн штабдын жыйынтыгы менен чечим кабыл алынып, район акими айыл өкмөт башчыларына, тиешелүү мекеме жетекчилерине тапшырмаларды берди.