Бүгүн, 2024-жылдын 23-мартында Нарын районунун бардык айыл аймактарында айыл өкмөттүн кызматкерлери тарабынан ишембиликтер жүргүзүлдү.
Алар менен биргеликте жол тейлөө мекемелери дагы райондор аралык унаа жолдордун жээгиндеги таштандыларды тазалашып, жүргүнчүлөрдүн жол жүрүүсүнө болгон ыңгайлуукту камсыздашты.
Мындай тазалыкка багытталган ишембиликтер Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын атайын түзүлгөн графигине ылайык, ар бир жума сайын жүргүзүлүп турмакчы.