Урматтуу Нарын районунун тургундары!!!
Сиздерди жаратылыштын жаңылануусун, табияттын жандануусун жар салып, жаңы күндүн башталышы болгон Нооруз майрамы менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм!
Нооруз майрамы чындап эле нурдуу, жакшы тилектердин майрамы.
Бул майрамдын көөнөрбөс дагы бир касиети ата-бабаларыбыздын улуу салтын, үрп-адатын, рухий дөөлөтүн, руханий байлыгын кылымдан кылымга, муундан муунга мурастап келатканында десек болот. Нооруздун келиши менен Ала-Тообуз көрктөнүп, элибиз шаңданып, салтанаттуу түрдө куттуктоо айтып, жакшылыкты тилегени наркыбызды сактап, улутубуздун улуулугун улаганыбыздын белгиси.
Нооруз элибиздин маданияты менен улуу нарк-насилинин тээ тереңден келгендигин туюндуруп, аруулук, мээримдүүлүк, кол суна билүү сыяктуу түбөлүктүү баалуулуктарын эске салат.
Сиздерди дагы бир жолу жаз жышааны – Нооруз майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм.
Жаздын, жаңылануунун жана жаратмандыктын майрамы бизге илгери үмүт болуп, күч-кубат берсин!
Нооруз ар бир үйгө токчулук, молчулук алып келсин!
Өлкөбүзгө өнүгүү, элибизге бакубат турмуш каалайм!
Сиздерди терең урматтоо менен Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.С.Мадимаров