НАРЫН РАЙОНУНУН АЙЫЛ АЙМАКТАРЫНДА МАЙРАМДЫК ИШ-ЧАРАЛАР ӨТКӨРҮЛДҮ

8-Март -Аялдардын эл аралык майрамына карата Нарын районунун баардык айыл аймактарында майрамдык иш- чаралар өткөрүлдү.
Анда маданият өкүлдөрү менен биргеликте, жер жерлерде концерттик программалар, салтанаттуу кечелер, куттуктоо аны менен бирге элине эмгеги менен таанылган айымдарды сыйлоо аземдери болуп өттү.
Коомдо, турмуш тиричиликте айымдардын ролу чон экендиги, мырзалардан кем калышпай коомдук иштерде, Эл жерине талыкпай кызмат кылган айымдардын бар экендиги кубандырбай койбойт.
Белгилей кетсек, 6-март күнү Жан-Булак айыл өкмөтү жана Аялдар Кеңеши менен биргеликте 8-март Аялдардын Эл аралык майрамына карат иш чара уюштурулуп, бул майрамдык иш чарага Жан-Булак жана Достук айылдарынан жалпы 80 эне катышты.

Жооп калтыруу