АЯЛЗАТЫ- БУЛ ЖАШООНУН БУЛАГЫ, АЯЛЗАТЫ –ҮЙ-БҮЛӨНҮН ДУБАЛЫ.

Эне сага кандай мактоо жарашат,
Эне сенден ким сыймыкты талашат.
Эне менен теңдеше албайт эч бир жан,
Баардык мактоо сага гана жарашат- дегендей бүгүн Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында “8-Март Аялдардын эл аралык күнүнө” карата майрамдык иш чара болуп өттү.
Майрамдык иш-чарага Нарын районунда ар тармакта эмгектенип келе жаткан айымдар, Баатыр энелер, эмгектин алдыңкылары, ардагер айымдар жана райондук мекемелерде үзүрлүү эмгектенип жаткан айымдар катышты.
Майрамдык иш-чарага Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мадимаров Нуридин Султанович катышып, айымдарга төмөндөгүдөй куттуктоо сөзүн арнады:
“Сиздердин жаздын алгыч күнү менен бирге кирип келген 8-Март Аялдардын эл аралык майрамы менен чын дилимден куттуктайм. Асылзат айымдарыбыз адам баласына өмүр тартуулоо менен, бүтүндөй бир ааламга нур чачып турган ыйык зат.
Сиздер бар жашообуз аруу, сулуу, назик, мээримдүү жана көркөм. Жашоонун башаты, коломтонун куту болгон аял заты үй-бүлөдө гана эмес мамлекеттик жана коомдук иштерде да зор күчкө ээ. Алардын ичинде Сиздердин да татыктуу ордуңуздар бар. Жаз айында жаркырап кирип келген майрамыңыздар кут болуп, жүзүңүздөрдөн ар дайым аял затына таандык бактылуулуктун нуру төгүлүп, өмүрүңүздөр күлкүгө, бакытка, кубанычка жана шаттыкка толуп, узак жашаңыздар.
Ден соолугуңуздар бекем, үй-бүлөңүздөр жана эл-журтуңуздар менен эсен болуңуздар!”
Андан соң М.Баетов атындагы Нарын райондук маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан чакан концерттик программа уюштурулуп, айымдарга майрамдык маанай тартууланып, белектер тапшырылды.

Жооп калтыруу