2024-жылдын 29-февралында Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаровдун иш сапары Жерге-Тал айыл аймагында болуп өттү.
Иш сапардын жүрүшүндө Кызыл-Жылдыз айылындагы М. Иманалиев атындагы орто мектебинде болуп, окуучулардын сабакка болгон катышуусу жана билим деңгээли жана аларга түзүлгөн шарттарын көрдү.
Андан соң ФАП, бала бакча жана маданият үйлөрүн карап, кызматкерлердин жүргүзүп жаткан иш пландары жана ишмердүүлүктөрү менен жеринде таанышты.
Ошондой эле Жерге-Тал айыл өкмөтүнө караштуу Жалгыз-Терек айылындагы Р. Усубалиев атындагы орто мектебинде да болуп, окуучулардын сабакка болгон катышуусун, ысык тамак менен камсыз болушун жана билим деңгээлин , алдыда боло турган жалпы республикалык тестирлөөгө даярдыгы боюнча маалымат алды.