Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө маалымат

Нарын райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан коррупцияны алдын алуу боюнча 2023-жылы  аткарылган иш-чаралардын маалыматы.

Коррупциянын алдын алууда Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна ылайык иштер жүргүзүлүүдө. Коомдо коррупцияга карата терс мамилени калыптандыруу үчүн    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Коррупциялык тобокелдиктерди табуу, балоо жана башкаруу боюнча методикалык колдонмо” жөнүндөгү  №281-буйргуна ылайык кызмат адамдары тарабынан коррупциялык укук бузууларга жол бербөө максатында  Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын 2017-жылдын 16-июнундагы №120-б буйругу кабыл алынып, коррупциялык тобокелдиктерди табуу,  баалоо жана  башкаруу боюнча Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын коррупциялык тобокелдиктердин №1,2 тиркемеге ылайык бекитилип, мекеме-ишканаларда, айыл өкмөттөрдө түзүлгөн. Коррупциялык тобокелдиктерди болтурбоо максатында мамлекеттик сатып алуулар Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 3-апрелиндеги №72 Мыйзамына ылайык иш алып барылууда. Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 8-августундагы “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамынын 11-беренесине ылайык, кызматкерлерге мамлекеттик жана муниципалдык кызматта турган адамдарга коюлуучу талаптарды, чектөөлөрдү кабыл алуу жөнүндө жазуу жүзүндө милдеттемелер алынып, өздүк делолоруна тиркелген. Жеке кайрылууларга мыйзамга ылайык, мөөнөтүндө жооп берүү, жерлерди бир категориядан бир категорияга которууда мыйзам чегинде көрсөтүлгөн материалдарды талап кылуу, фонддогу акча каражаттарды максаттуу пайдалануу боюнча  ж.б иш аракеттер жүрүүдө.

 Нарын  районунун аймагында коррупцияга каршы күрөшүү багытында 2021-жылдын 29-январында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-сентябрындагы №642 токтому менен бекитилген Жобого ылайык, коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча Нарын райондук мекеме, айыл өкмөттөрдөгү ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн катышуусунда “Мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу органдарында коррупцияга каршы аракетенүүсү жана коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу жөнүндө” тегерек стол,  2021-жылдын 2-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы “Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө” №3 Жарлыгы менен тааныштыруу максатында Нарын районундагы ишкерлер менен жыйын, 2023-жылдын  24-апрелинде Эмгек-Талаа айылынын Ж.Мамбетов орто мектебинде “Коррупция өнүгүүнү тушаган кишен”аталышында 10-11-класстардын окуучуларынын жана ата-энелери менен биргеликте иш-чара, 3-майында Казан-Куйган айылдык мектебинде  10-класттарынын жана айрым ата-энелеринин катышуусунда “Биз коррупцияга каршыбыз” темадагы тегерек стол өткөрүлсө, 2023-жылдын 14-майында райондук мекеме жетекчилер, айыл өкмөт башчыларынын катышуусунда “Жазык процессуалдык мыйзамына кирген өзгөрүүлөргө байланыштуу коррупцияга, паракорчулук жана кызматтык кылмыштар менен күрөшүү ” темадагы тегерек стол өткөрүлгөн. Өткөрүлгөн иш-чаралар Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын “Фейсбук” баракчасына жана Нарын облустук медия борборунда чагылдырылган. Ошондой эле Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтында “Антикоррупционная политика” деген аталышта атайын бөлүмчө ачылып, коррупцияга каршы Мыйзамдар жана Нарын райондук мамлекеттик администрациясында аткарылган иштер тууралуу чыгарылып турат.

 Планга ылайык,  Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы Координациялык Кеңеште “Нарын районунда коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алууда райондук мекемелер , айыл өкмөттөрү тарабынан көрүлүп жаткан иштери жөнүндө” каралып, Коррупцияга каршы Мыйзамдын, Президентин Жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын буйруктарына ылайык буйруктарды бекитүү  менен иш алып баруу, коррупциянын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча түзүлгөн комиссиялар,  квартал сайын отурумдарын өткөрүп туруу, Президентин Жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом, буйруктарын таныштыруу,  түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү, тегерек стол, семинарларды өткөрүү менен массалык маалымат каражаттарына чагылдырууну, бурчтарды уюштуруу ж.б боюнча тапшырмалар берилген. Тапшырмага ылайык, райондук мекемелердин имараттарында айыл өкмөттөрдүн имараттарында атайын коррупциялык бурчтар уюштурулуп, айыл аймактардагы социалдык обьектилеринде дагы уюштурулууда.

Коррупциянын алдын алууда тийиштүү деңгээлде иш алып барбаган айыл өкмөттөрүнүн тиешелүү кызматкерлерине тартиптик чара көрүү боюнча Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын коллегиясынын заседаниясында  жалпы каралып, тапшырма берилип, айыл өкмөттөр тарабынан тартиптик чаралар көрүлгөн.

           НАРЫН РАЙОНДУК МАМЛЕКЕТТИК АДМИНИСТРАЦИЯСЫНЫН ИШЕНИМ ТЕЛЕФОНУ

Тел: 0(3522) 5-03-54

Comments are closed.