Бүгүн, 21-февралда Нарын районунун Миң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Эмгекчил айылынын кампасына Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Бириккен улуттар уюмунун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосу менен алынып келинген тоюттун кору жыйналды.
Белгилей кетсек, кыш мезгилинин малчыларга тийгизген таасирин азайтуу, малдын тоют коопсуздугун алдын алуу максатындагы программанын алкагында быйыл пилоттук негизде Нарын районуна долбоордун тартылып келинген дээрлик 41,0 тоннага жакын чөп жана 40,0 тоннага жакын тоюттун корлору Миң-Булак айыл аймагынын Эмгекчил айылындагы кампага сакталды.
Ошол тоют кору өзгөчө кырдаалдар болгон шартта зарылчылыкка жараша башка айылдардын эли дагы кайтарымдуу жол менен алып пайдалана алышат жана күзүндө тоют топтоо убагында азыр алган тоюттун ордун толтуруп, тоют корун жылдан жылга кармоо негизги максаттардын бири. Ушундай эле кампаларды башка айылдарга жана алыскы кыштоолорго да уюштуруу иштери пландалууда.
Тоютту элге тапшыруу иш чарасына Нарын районунун акими Н.Мадимаров, КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын Укук тартиби, коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Ж.Чукуев, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Э.Дыйканбаев, БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлдөрү Дэвид Хильке, Ли Сай айымдар, Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кошалиев жана айыл тургундары катышты.
Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Нуридин Мадимаров БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирип, өзгөчө кырдаалдар учуру болбой, эл-журт мал-жаны менен кыштан аман-эсен кыйналбай чыгып кетишин, келген тоют жайчылык күндөрдө гана колдонулушун каалады.