Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Бириккен Улуттар Уюмунун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосу жана координациясы менен “Катаал кыштын малчыларга тийгизген таасирин минимумга жеткирүү үчүн алгачкы иш-аракеттерди көрүү менен КРнын Өкмөтүнүн потенциалын жогорулатуу» долбоорунун алкагында Нарын районунда чөптүн жана тоюттун корун түзүү боюнча иш -аракеттер көрүлүүдө.
Бул программаны ишке ашыруу иш-чараларынын алкагында Нарын районунун аймактарында өзгөчө кырдаалдарды алдын-алуу, кыш мезгилинин катаал шарттарында калктын аярлуу катмарына кирген малчылардын абалын жеңилдетүү жана мал жандыктардын массалык кырылып кетүүсүнө жол бербөө максатында чөп жана тоюттун корун (запас) түзүү ,ошондой эле максаттуу пайдалануу.
Долбоордун негизинде Нарын районуна тартылып келинген дээрлик 41.0 тоннага жакын чөп жана 40,0 тоннага жакын тоюттун корлорун Миң-Булак айыл аймагынын Эмгекчил айылындагы кампага сакталды.
Ошондой эле алынып келинген тоюттун корлорун баланска алуу жана максаттуу пайдалануу боюнча тийиштүү иш-аракеттер жүргүзүлүп, коопсуз жана талапка ылайык сакталышы тийиштүү кызмат адамдарына тапшырылды.
Эскерте кетсек, аталган тоюттун запасы өзгөчө кырдаал убагында пайдаланылат жана кайтарымдык негизде жүргүзүлөт.