Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н. Мадимаровдун демилгеси менен, “Ихсан- Хайрия” коомдук фонду тарабынан, Нарын районундагы 220 ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, томолой жетим жана аз камсыз болгон үй бүлөөлөргө тамак аш менен жетиштүү камсыздоо максатында азык- түлүктөр таркатылып берилди.
Район башчысынын кайрылуусун колдоого алып, райондогу калктын аярлуу катмарына колдоо көрсөткөн “Ихсан Хайрия” коомдук фондунун төрагасы Магомед мырзага ыраазычылык билдиребиз.
Нарын районунда калктын аярлуу катмары дайыма көңүл борборунда турат жана мамлекет, коомдук фонд, коомдук уюмдар менен биргеликте кайрымдуулук иштери жүргүзүлүп келет.