Нарын районунда 2023-жылдын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн аткарылышы жөнүндө

                                      1.Өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн көлөмү

      2023-жылдын жыйынтыгы менен 380 млн 588,9 миң  сомдук өнөр жай продукциялары  өндүрүлгөн, физикалык көлөмдүн индекси 117,5 % камсыз кылынды.

                                  Өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн көлөмү

 

Көрсөткүчтөр

 

Өлчөө бирдиги

2022-жылдын

факты

2023-жыл
Иш жүзүндөгү баа менен Өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда Физикалык көлөмүнүн индекси, (%)
Өнөр жай продукциясынын көлөмү
Бардыгы   283352,0 380588,9 134,3 117,5

2.Айыл чарбасы:

Бардык түрдөгү чарбаларда мал чарбачылыгынын негизги продуктыларын өндүрүү.

Продукциянын түрү 2022-жыл 2023-жыл өсүү темпи (%)
Эт (тирүүлөй салмакта), тн 13687,0 14220,0 103,9
Чийки сүт,тн 33530,0 34435,0 102,7
Жумуртка                (миң даана) 1220,0 1273,0 104,3
Жүн,тн 465,0 483,0 103,9

Мал  санак

Райондун аймагында малдарды жана үй-канаттуулады 2023-жылдын  аягына карата кайра саноо жөнүндө Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын 4-декабрындагы № 416-б буйругу чыгарылып, 2 жолку отурум өткөрүлүп,  иш чаранын жол жобосу, маанилүүлүгү тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Иш чаранын жыйынтыгы менен район боюнча 2024-жылдын    9-январына  карата өткөн жылга салыштырмалуу ири мүйүздүү мал 102,3 % га же       1 252 баш, кой-эчки 100,4 % га же 1 267  баш, жылкы 101,7 %  га  же 670  баш, үй  канаттуулары 100,5 %  га  же 222 ка көбөйгөн.

Мал жандыктарынын идентификациясы

Жылкыга 48 800 чип бөлүнгөн, башынан бери 48 800 жылкыга чип басылды, быйылкы төлгө басууга чип бөлүнө элек.

ИИМ малга 184 000 бирка бөлүнгөн, мунун ичинен 179 000 ири мүйүздүү малга   бирка басылып, идентификацияланган учурда 5 000 бирка запаста бар.

Бруцеллез ылаңы боюнча

Адамдар арасында 2023-жылдын 12 айына карата бруцеллез ылаңынын         105 учуру катталган. Анын ичинен 89 учур Нарын району, 16 учур Нарын шаары. Район боюнча Дөбөлү  айыл аймагынан 3, Учкун айыл аймагынан  19,  Чет-Нура айыл аймагынан 7,   Миң-Булак айыл аймагынан 14 учур, Жерге-Тал айыл аймагынан 26 учур, Эмгек-Талаа айыл аймагынан 14 учур, Жан-Булак айыл аймагынан 6 учур  Нарын шаарынан 16 бардыгы болуп 105 учур катталган. Бул болсо 2022-жылга  салыштырганда  25 учурга көп. Жогорудагы бруцеллез болуп ооруган адамдардын айыл чарба малдарын ветеринардык жактан кароо жүргүзгөндө  25 адам мал кармабайт, 6 адам бул адресте жашабай  тургандыгы такталган, сурамжылоодо кайдан жугузуп алгандыктарын билишпейт. Калган адамдардын уй-торпокторун серологиялык текшерүүдөн өткөргөндө таза болуп чыккан.

Талаачылык

Нарын районунда жазгы талаачылык жумуштарын өз убагында уюшкандыкта өткөрүүнү  ишке ашыруу  аракеттердин негизинде  Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын 27-март 2023-жылдагы № 67-б буйругу чыгарылып, натыйжада   район боюнча 1138 гектарга буудай, 4548 гектарга арпа, 671 гектарга картошка, 107 гектарга жашылча, 1786 гектарга бир жылдык чөп, 1232 гектарга көп жылдык чөп,10 га буурчак, 161 га сафлор, 1 га техникалык өсүмдүк, 23,5 га жүгөрү, баардыгы         9676,5 га айыл чарба өсүмдүктөрү айдалып себилип, 2023-жылдын 1-июнуна карата толук  бүткөрүлгөн. 2022-жылы жалпы пайдаланылбай калган аянт 810 гектар болсо, 2023-жылы 806 гектарды түзүп  4 гектарга  кыскарган, 2024-жылга карата  319 га  кыскарды.

Нарын району боюнча 2024-жылга карата айдап себүүнүн болжолдуу түзүмү,  жалпы айдалуучу аянт  9 908 га, же болбосо дан эгин 5699 га айдалып себилет, мунун ичинен 1146 га буудай, 4553 га арпа, 20 га сафлор, 70 га жүгөрү, 20 га буурчак, 671 картошка, 107 га жашылча, КЖЧ 1295 га, БЖЧ 1903 га.

Район боюнча жалпы керектелүүчү үрөн буудай 287 тонна, арпа 1138 тонна, мунун ичинен колдо бары  буудай 172 тонна, арпа 723 тонна болуп,  63 % түзүүдө. Жетпеген үрөн буудай 115 тонна, арпа 415 тонна, райондун үрөн чарбаларынан жана Чүй облусунун үрөн чарбаларынан жана дыйкандардын колунда бар үрөндөрү менен  толук камсыз болот.

 

Үрөн чарбанын аталышы буудай арпа
сорту реп-я көлөмү (тн) сорту реп-я көлөмү (тн)
1 «Кален-Дан»       Ростик С/Э 10
2 «Акин» Дордой-16 1 7 Лэон 1 7
3 «Жийде-Бак» Данк Масс 5 Мамлюк 1 5
Лэон 1 10
4 «Абышка»       Мамлюк 1 25
           
5 «ЖБУ» кооператив Корнетто 1 10      
6 Калча кооператив       Вакула 1 4
7 Мурат-Бактыяр асыл тукум чарба       Вакула 1 30
  Баары     22     91

 

Ирригация тармагы

Нарын райондук суу чарба башкармалыгында  чарба аралык магистралдык каналардын узундугу 111,8 км, ички чарбалык каналдар 110,3 км ди түзөт, 6 даана насостук станциялар, 2 даана БСР, 31 даана суу ченөөчү постулар бар. 2023-жылга 18, 4 км канал механикалык тазалоодон өткөн, гидротехникалык курулмалардын       47 дааанасы, гидропостордун 20 даанасы оңдоп түзөө жумуштарынын өткөрүлгөн, ал эми айыл өкмөттөрдүн өз күчтөрү менен 87 ,6 км   ички чарба аралык  арык каналдар ашар жолу менен  тазаланган.

Нарын  райондук суу чарба башкармасында  2023-жылга карата каналдардын ремонту  22 млн 508,0  миң сом пландалган болсо, 17 млн 813,9 миң сомго аткарылган же иш жүзүндө 78,8  % аткарылып, калган акча каражатына керектелүүчү материалдар алынып складда сакталууда, 2024-жылы ремонт иштерине пайдаланылат.

Каналдардын ремонт жумуштарына

БНК каналын  ремонтоо  иштери  709,3  миң сомго, Чырпыкты каналына     18,2 миң  сомго, Кара-Талаа каналы 77,5  миң  сомго, М-1,М-2 каналдары  2 млн 658,7 миң  сомго, Кажырты каналы  323,3 миң сомго , Кызыл-Жылдыз каналы  жалпы          437,4 миң сомго, Кээден каналында Теңир-Тоо өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен 862,5 миң сомго жумуштар аткарылып, жалпы каналдардын ремонт иштерине     5 млн 86,9  миң сом жумшалган.

 

Мамлекеттик фондунун жерлери

Айыл өкмөттөр МФ жерлери (га) Ижарага берилген жерлер (га) % менен План боюнча 2023-жылга  карата түшө турган акча (миң сом) Факт   (миң сом) % менен
1 Дөбөлү 600 371,7 61,9 169,9 442,6 260,4
2 Чет-Нура 240 240 100 216,8 216,7 100,0
3 Миң-Булак 894 707,6 79,1 625,3 860,0 137,5
4 Жерге-Тал 633 542,2 85,6 715,0 722,9 101,1
5 Эмгек-Талаа 1286 1007,3 78,3 903,1 1265,1 140,1
6 Учкун 509 476,1 93,5 551,7 627,6 113,8
7 Жан-Булак 347 332,0 95,6 320,0 323,5 101,1
  Район боюнча 4509 3676,9 84,9 3501,8 4458,4 127,3

Район боюнча жалпы мамлекеттик фондунун жерлери 4509 гектарды түзөт, 2023-жылы жалпы  район боюнча 3676,9 гектары ижарага 3 млн 501,8 миң  сомго ижарага берилип, андан 4 млн 458,4 миң сом өндүрүлүп,  956,5 миң сомго ашык аткарылган, мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануу  ижара акылары бардык айыл өкөмттөрү  тарабынан аткарылган.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылды 17-декабрындагы №309 токтомун аткаруу максатында мамлекеттик фондунун жерлеринин  50% райондук комиссиянын кароосуна тийиштүү актылардын негизинде өткөрүлүп алынып, 2023-жылга карата 1081 га мөөнөтү бүткөн жер аянттарына  конкурс жарыяланып, анын  282,37 гектары ижарага берилди.

2023-жылы Россия Федерациясынан тартылып келинип сактоодо турган Дөбөлү айыл өкмөтү боюнча 9  тонна, Жерге-Тал айыл өкмөтү боюнча 4,7 тонна, Учкун айыл өкмөтү боюнча 1 тонна арпа, 1 тонна буурчак, Миң-Булак айыл өкмөтү боюнча 1, 4 тонна буудай, арпа үрөндөрү зыяндуу курт кумурскаларга каршы фумигациядан өткөрүлүп зыяндаштырылды.

Дан эгиндерин оруп жыйуу  өнөктүгү 2023-жылдын 10-октябры менен аяктап, 1 132 га буудай, 3 611,5 га арпа жыйналып алынган. Орточо түшүмдүүлүк буудай     19,9  центнерден, арпа 20,3  центнерден  айланган.

2023-жылыдын 26-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинентинин «Үрөнчүлүктү өнүктүрүү жайыт чөптөрүнүн үрөндөрүнүн аралашмаларын себүү менен жайыттарды жакшыртуу максатында республикалык бюджеттен каражат бөлүү  тууралуу” 202-т тескемесин негизинде Россия Федерациясынын  “Семена Ставраполя” фирмасынан сатылып алынган жайыт чөптөрүнүн үрөндөрү 2023-жылдын 29-августунда Нарын районуна 1389 кг  кунарсыз жайыттарга себүү   үчүн  таратылып берилген үрөндөр 147 га жайыт жерине себилди .

 

3.Бюджет жана салык

Мамлекеттик бюджет(миң сом) Республикалык бюджет (миң сом) Жергиликтүү бюджет (миң сом)
План факт % Айырма    (Ө,-) План факт % Айырма    (Ө,-) План факт % Айырма    (Ө,-)
205440,6 222034,7 108,1 16594,1 112420,9 113503,8 101,0 1082,9 93019,7 108530,9 116,7 15511,2

 

Социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөр

  План (миң сом) Факт(миң сом) % Айырма (миң  сом) (Ө,-)
Бардыгы         398113,8 403256,2 101,3 5142,5

 

Мамлекеттик бюджет(миң сом) Республикалык бюджет (миң сом) Жергиликтүү бюджет (миң сом)
2022-ж 2023-ж темп Айырма    (Ө,-) 2022-ж 2023-ж темп Айырма    (Ө,-) 2022-ж 2023-ж темп Айырма    (Ө,-)
145809,5 222034,7 152,3 76225,2 57384,5 113503,8 197,8 56119,3 88425,0 108530,9 122,7 20105,9

 

Салыктык карыздар боюнча

Салыктык карыз 2022-жыл сумма(миң сом) 2023-жыл сумма(миң сом Айырма сумма  (миң сом)
Район боюнча 4 295,7 23 954,70 19 659,0

Ишкер чөйрөсүндө контролдук кассалык машиналарды киргизүү 2024-жылдын 1-январына карата салык жол жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүүнүн алкагында 203 даана контролдук кассалык машиналар  коюлуп 100,0  % га аткарылган.

Салыктык эмес  төлөмдөрдүн  өндүрүлүшү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын                        26-декабрындагы “Нарын облусунун айыл аймактарындагы ирригациялык системаларды  ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын күтүү жана өнүктүрүү, ошондой эле жайыттарды башкаруу маселелерин натыйжалуу чечүү жөнүндө” № 713 токтомун аткарууда салыктык эмес төлөмдөрдүн өндүрүлүшү.

Айыл өкмөт Жайыт №713 токтомдун негизинде жалпы 2023-жылы
Факт 2022-ж Факт 2023-ж план факт %
Дөбөлү 1044,0 1672,6 3392,2 3392,2 100,2
Жан-Булак 519,0 828,3 2200,6 2200,8 100,0
Жерге-Тал 654,6 1331,6 2623,4 2727,4 104,0
Миң-Булак 2295,1 5604,7 7225,0 7589,2 105,0
Учкун 978,1 191954,0 3173,7 3178,2 100,1
Чет-Нура 1300,0 1503,4 2688,8 2688,8 100,0
Эмгек-Талаа 1121,6 1609,4 3444,8 3461,3 100,5
Район боюнча 7912,4 14501,0 24748,5 25438,7 102,8

 

Айыл өкмөттөрүндө муниципалдык ишканалар түзүлө электе салыктык эмес төлөмдөргө таза суу,тазалык,сугат суу акылары толук кандуу чогултулбай келген, ал эми  № 713 токтому менен пилоттук негизде муниципалдык ишканалар ачылгандан кийин 2023-жылдын 12 айына карата  салыктык эмес кирешелерди өндүрүү 24  млн 748,5  миң сомго пдандалып, 25 млн  438,5 миң сом өндүрүлүп, план 102,8  пайызга аткарылды.

Дотациянын деңгээли

Көрсөткүчтөр Дөбөлү Жан-Булак Жерге-Тал Миң-Булак Учкун Чет-Нура Эмгек-Талаа Район боюнча
1 Киреше 2023 28577,3 16630,4 23567,6 49486,3 19483,9 16305,0 27103,1 181153,6
2022 19788,3 12416,6 25789,8 31551,3 17201,9 11467,4 13847,7 132063,0
Ө,- 8789,0 4213,8 -2222,3 17935,0 2282,0 4837,6 13255,4 49,090,6
2 Теңдештирилген грант 2023 10263,0 4654,0 9602,0 34810,0 11432,0 16843,0 10489,0 98093,0
2022 4637,0 1887,0 5148,0 17534,0 5647,0 5171,0 4406,0 44430,0
Ө,- 5626,0 2767,0 4454,0 17276,0 5785,0 11672,0 6083,0 53663,0
3 Республи-кадан кошумча келген каражат 2023 16269,9 12072,1 12635,5 14921,3 12817,8 12504,2 12367,8 93588,6
2022 8267,7 4373,5 7463,6 15547,5 6168,6 7155,5 7064,8 56041,2
Ө,- 8002,2 7698,6 5171,9 -626,2 6649,2 5348,7  

5303,0

37547,4
4 Жалпы район б-а 2023 55110,2 33356,5 45805,1 99217,6 43733,7 45652,2 49959,9 372835,2
2022 32693,0 18677,1 38401,4 64632,8 39017,5 23793,9 25318,5 232534,2
Ө,- 22417,2 14679,4 7403,7 34584,8 14716,2 21858,3 24541,4 140301,0
5 Дотация % 2023 48,1 50,1 48,5 50,1 55,4 64,3 45,8 51,4
    2022 39,5 33,5 32,8 51,2 40,7 51,8 45,3 43,2
    Ө,- 8,7 16,6 15,7 -1,1 14,7 12,5 0,4 8,2

 

4.Жер  мунапысы

Райондо  райондук комиссия тарабынан жер мунапысы боюнча 311,33 га  жер аянты, мунун ичинен 213,3  га сугат айдоо, 86,04 га  жайыт жерлер, 11,99  га айыл чарба багытындагы жер аянттары, 34 турак жай, 4 фундамент аныкталган.

Комиссияга жалпы 458 арыз сунушталып, комиссия тарабынан 321 арыз коомчулукка жарыяланып, чечим 321 кабыл алынып, 218 мамлекеттик актылар жер мунапыс субьектилерине администрация тарабынан тапшырылды.

 

5.Жерлерди өзү билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө» № 109 Жарлык Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын тапшырма катынын негизинде айыл өкмөттөр тарабынан жалпы укук күбөлөндүрүүчү документтеринен сырткары айыл тургундары тарабынан ашыкча пайдаланып жүргөн жалпы 391,16  га жер аянты аныкталып, жалпы 174,0 га айыл өкмөттөрүнө кайтарылды.

 

 

8.Инвестиция жана  курулуш,  кызмат көрсөтүү

2023-жылдын 12 айына карата жалпы 3 млрд 711,6  миң сомдук ар кандай долбоорлор аткарылган, анын ичинен республикалык бюджеттен   200  млн  478,7 миң сом (стим грант 15 млн  495,1  миң сом, капиталдык салымдар 184 млн 983,6 миң сом), жергиликтүү бюджеттен  42 млн  676,9  миң сом, эл аралык уюмдардан 444 млн 224,7  миң сом, жергиликтүү фонддордон 41 млн 985,5 миң сом, жеке ишкерлер тарабынан  2 млрд 982  млн  251,8   миң сом.

 

9.Курулуш

Райондо 2023-жылы капиталдык курулуш жумуштарына планга киргизилип, республикалык бюджеттин “Капиталдык салымдар” беренеси аркылуу каржыланган обьектилерден Эмгек-Талаа айыл өкмөтүндөгү Эмгек-Талаа айылындагы “Таберик” бала бакчасынын  имаратынын  курулуш жумуштары аяктап,  пайдаланууга берилди, Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн Кызыл-Жылдыз айылындагы таза суу системасынын реабилитациялоо боюнча  жумуштары, Дөбөлү айыл өкмөтүнүн Таш-Башат айылындагы спорт комплексинин курулуш жумштары аяктап, пайданууга берүү алдында турат, Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн Ак-Кудук айылындагы 150 орундуу Омор уулу Кожоке атындагы мектептин курулуш жумуштары аяктоо алдында турат,ал эми  Миң-Булак  айыл өкмөтүнүн Б.Кыязов атындагы 150 орундук, А.Тыныбек атындагы 375 орундук , Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн Кызыл-Жылдыз айылындагы М.Иманалиев атындагы, Учкун айыл өкмөтүнүн Жылан-Арык айылындагы К.Жусупов атындагы орто мектептин имаратынын курулуш имаратынын  курулуш жумуштары жүргүзүлүп, кыш мезгилине карата жумуштар  токтогон, жаз айлары менен курулуш жумуштары уланууда.

 

10.Райондук Өнүктүрүү фонду

Райондук өнүктүрүү фондусуна 2023-жылга  карата  33 млн  629,5 мин сом  акча каражаты бөлүнгөн, мунун  ичинен 30 млн  сом  республикалык бюджеттен  жана  3 млн 629,5 мин  сом жер казынасын иштетүүчү компаниялардан түшкөн акча каражаттар. Учурда  район боюнча жалпысы 28 долбоор фонддун байкоочу кеңеши тарабынан кароодон өтүп,  жалпы 28 млн 100,5 сом  каржыланды, калдык акча каражатынын суммасы 5 млн 529,0 миң сом, бул акча каражаты  райондо экономикалык багыттагы долбоорлорду каржылоого калтырылган, “Керемет” банк менен 2023-жылдын декабрь айында келишим түзүлүп, банк тарабынан  долбоорлорду кароо процедурасы узарып кеткендиктен каржылоо убагында жүргүзүлгөн эмес, 2024-жылдын январь айында долбоорлордун каржыланышы  күтүлүүдө.

11.Ачылган ишканалар

Айыл аймактарында  ишканаларды ачуу, салыктан каттоодон өткөрүү, салык алуу базасын кеңейтүү  тапшырмасына ылайык,   2023-жылга карата 9  ишкана  ачылып  272 туруктуу  жумуш оорду менен камсыз болуп, 11 млн  440,0 миң сом инвестиция жумшалган, мындан сырткары райондун аймагында учурда  курулуш жумуштары  жүргүзүп жаткан Куланак ГЭС (200) , Алтын ылгоочу фабриканын (110) курулуш жумуштарына жалпы  жергиликтүү тургундардан 310  адам убактылуу жумуш орду  менен камсыз болуп иштеп жатышат.

 

2022-2023-жылдары  ачылган  чакан  ишканалар боюнча  маалымат

Айыл өкмөттөр 2022-жылы 2023-жылы
Саны Жумуш

орундар

Саны Жумуш

орундар

1. Дөбөлү 1 2
2. Чет-Нура 1 5
3. Миң-Булак 3 11 4 239
4. Жерге-Тал 1 2 1 19
5. Эмгек-Талаа    
6. Жан-Булак     1 4
7 Учкун     2 5
  Район боюнча 5 15 9 272

 

12.Райондун  экономика  тармактарын, калкын  2023-2024 -жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо, өткөрүү Нарын району боюнча 2023-2024-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча билим берүү тармагына 3402,3 тонна(мектепке 2631,6 тн, бала бакчаларага 714,7 тонна),  саламаттыкты сактоого 235,5 тонна, маданиятка 129,1 тонна, аппаратка 136,5 тонна, коргоого 55,0 тонна, кесиптик билим берүүгө 60,0 тонна, жалпысынан  бюджеттин эсебинен 4 018,4 тонна, ал эми калкка  13 300,0 тонна, район боюнча жалпы 17 318,4 тонна көмүр тартуу пландаштырылып  бюджеттик мекемелерге 100 % тартылган, ал эми элге 11 992 тн көмүр же болбосо, 90 %  тартылды, айылдарга көмүр базалар уюштурулуп учурда көмүр баасы 1 тн  4500-5500 сомдон  элге жеткирилүүдө. Калктын аз камсыз болгон бөлүгүнө 302 үй бүлөгө      236,8 тн көмүр  жергиликтүү бюджеттен, демөөрчүлөр аркылуу таратылды.

Тянь-Шань ЭТИ аткарылган жумуштар

2023-жылы райондун электр тарамдарына жалпы  96 млн 103,4 миң кВт/саат электр энергиясы келип түшкөн,былтыркы жылга салыштырмалуу 3 млн 489,7 миң кВт/саатка көп.Кабыл алынган энергиянын ичинен жалпы коромдор 13 млн          631,9 миң кВт/саат же 14,18 % ды түзүп, 2 млн 367,5 миң кВт/саатка же болбосо 2,5 % га азайган.

2023-жылга карата  жалпы дебитордук карыз  19 млн 930,5 миң сомду түзүп,  өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2 млн 969,2 миң сомго  азайган. Жалпы дебитордук карыздардын ичинен жергиликтүү бюджеттен,республикалык бюджеттен каржыланган мекемелердин карыздар жок, өнөр жай ишканалары       377,7  миң сом, айыл чарба мекемелери 264,8, элдин карызы 13 млн 115,0 миң сом, ж.б карыздар 5 млн 951,3 миң сом.

Санарип аймак

Район  боюнча 2024-жылдын 19-январына карата” Санарип Аймак”  бирдиктүү электрондук маалымат тутумуна калктын 86,94 пайызы, үй чарбасынын 95,34 пайызы киргизилди.

15.Жарандардын кайрылууларын кароо

2023-жыл ичинде жазуу жүзүндө 110 арыз даттануу катталган.

Коомдук кабылдамада 2023-жыл ичинде 201 жаран  кабыл алынып, тиешелүү жооптору берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

16.Кылмыштуулук, коомдук саясий кырдаал

Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн өндүрүшүнө жалпы электрондук маалымат журналына 650 учур катталып, былтыркы жылга салыштырмалуу 98  учурга  көп катталган.

19.Камсыздандыруу боюнча

Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 31-июлундагы «Турак-жайды өрттөн, табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндөгү» № 209 Мыйзамын, Нарын районунун аймагында аткарууга алуу максатында, административдик аймакта катталган турак-жайдын санына жараша камсыздандырууну 30 % га жеткирүү боюнча берилген планга ылайык, төмөндөгүдөй болгон:

Айыл аймактын аталышы Турак  жайдын

саны (жалпы)

Аткары луучу           30 % план

 

Аткарылганы

(камсыздандырылган

турак-жай)

 

%

Соц .обьек  тилер боюнча
1 Эмгек-Талаа 1203 362 118 32,5 6
2 Жерге-Тал 1133 341 120 35,1  
3 Мин-Булак 2251 677 252 37,2 2
4 Дөбөлү 1047 315 315 100 3
5 Чет-Нура 896 269 164 61  
6 Учкун 1151 346 255    73,6  
7 Жан-Булак 413 124 108 87 10
  Бардыгы 8094 2434 1332

 

54,7 21

 

Нарын районунун 2023-жыл ичинде  социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн социалдык тармактар боюнча жыйынтыктары жана 2024-жылга милдеттери жөнүндө

МААЛЫМАТ

Билим берүү тармагында Нарын району боюнча 34 жалпы билим берүүчү орто мектептер, 35 бала бакчалар, 1 балдардын чыгармачылык борбору, 1 балдар-уландар спорт мектеби жана 2 кесиптик лицейлери иш алып барууда.

Орто мектептер боюнча 2022-2023-окуу жылында райондогу 32 орто жана 2 башталгыч мектептерде 9688 окуучу билим алып келсе, жаңы 2023-2024-окуу жылында 9654 окуучу билим-тарбия алышууда.

2023-2024- жаңы окуу жылына  жалпы  мугалимдердин  жалпы  саны 1030 (1021)  анын ичинен 955 (944) мугалим жогорку, 74 (77) мугалим атайын орто, 203 (152) мугалим пенсия жашында, жаш мугалимдер-72 (68) түзөт.

Билим сапаты райондо жалпы мектептерде окуучулардын билим сапаты боюнча 2022-2023-окуу жылы 45% болсо, 2023-2024-окуу жылы 48,5% түзгөн.

Жалпы республикалык тестирлөө боюнча 2022-2023-окуу жылында Нарын району боюнча 11-классты 554 (643) окуучу аяктап, алардын 510ну (565) жалпы республикалык тестирлөөгө   катышып, 309 окуучу 110-200 баллга чейин алып, жалпы 110дон 200гө чейинки балл алгандар 61% түзгөн.

Мамлекеттик жөлөкпулдар боюнча Нарын району боюнча 2023-жылдын 1-январына карата 964 үй-бүлөгө же 3261 балага  62 млн 182 миң 600 сом  «үй-бүлөгө көмөк» мамлекеттик жөлөкпул чектелип каржыланган. Ал эми  2024-жылдын 1-январына карата 697 үй-бүлөгө же 2463 балага «үй-бүлөөгө көмөк» жөлөкпулу чектелип  59 млн 758 миң 500 миң сом каржыланган. Былтыркы жылга салыштырмалуу 267 үй-бүлөгө же 798 балага азайган. Каржыланган акча каражаты 2 млн 424 мин 100 сомго азайган.

Социалдык контракттын негизинде район   боюнча 2022-2023-жыл ичинде айыл өкмөттөрдүн алдындагы социалдык маселелер боюнча комиссияда 1180 долбоорлор каралып,  100 000 сом өлчөмүндө 155 жаран менен  социалдык контракт түзүлгөн.

 

Жооп калтыруу